04

Май

2014

Джоомарт Оторбаев встретился с премьер-министром РК Каримом Масимовым

Бүгүн, 3-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Казак Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында кесиптеши Карим Масимов менен жолугушту.

Өкмөт башчы кыргыз-казак кызматташтыгы тажрыйбалык багытта арыш алганын белгилеп, экономикалык диалогдо жигердүүлүк кармалып, баардык тармактарда байланыш күч алганын белгиледи.

Карим Масимов эл аралык каржы институттарынын катышуусунда аймактык ири долбоорлорду өнүктүрүү алкагында биргелешкен кызматташтыктын зарыл экенин айтты. Ал өз кезегинде евразия мейкиндигинде интеграция процессинин шартында эки мамлекеттин экономикасынын өнүгүшүнө шарт түзөт.

Премьер-министрлер энергетика, транспорт, өнөр жайы, чек ара маселелери жана бул багыттагы кызматташтык жөнүндө сүйлөшүштү.

Кыргызстандын Бажы биримдигине жана бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Эки мамлекеттин Өкмөт башчылары ар кыл тармакта эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү мерчемдерине жана көйгөйлүү маселелерди бирге жөнгө салуу багыттарына токтолушту.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү