25

Март

2014

Жоомарт Оторбаев БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын аймактык өкүлү Сабер Азам менен жолугушту

Бүгүн, 25-мартта, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Жоомарт Оторбаев Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын аймактык өкүлү Сабер Азам менен БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын Кыргызстандагы кеңсе башчысы  Йохан Сиффоант менен жолугушту.

Жоомарт Оторбаев БУУнун аталган башкармалыгынын өлкөдөгү качкындардын укугун коргоо маселесин чечүү, 2010-жылдын июнь окуясында жабыркаган түштүк аймактарга көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Жоомарт Оторбаев билдиргендей, мурдагы 9800 тажик, 40 ооган жарандары Кыргызстандын жарандыгын алышкан жана акыркы 2 жылда 10 миңден ашуун жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жараны күбөлүгүнө ээ болушкан.

“2002-жылдан тарта 9 миңден ашуун качкын  КРнын жараны болушкан. Бул Кыргыз Өкмөтү менен Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын биргелешкен ишинин жыйынтыгы”, - деди Жоомарт Оторбаев Кичи жана Чоң Ооган Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну аталган уюмга сунуштап жатып. “Биз көрсөткөн жардамдар жетишээрлик болбой жатат. Ал жактагы кыргыз коому жыл сайын 6-7 пайызга азайып жатат. Алардын көбү Кыргызстанга кайтып келгилери келет жана бул жагынан биз жардам берүүбүз керек”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Сабер Азам, өз кезегинде Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы ал коомчулукка гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин айтты. “Биздин сиздер менен болгон кызматташтыктар жогорку деңгээлде. 2010-жылдын июнь айындагы чыр-чатакты Кыргыз Өкмөтү токтото алды жана улуттар аралык мамиленин ынтымакта, туруктуу болушун камсыздады, биз муну жогору баалайбыз. Кыргызстандагы туруктуулук башка аймактарга да маанилүү”.

Сабер Азам белгилегендей, Ооганстандагы кырдаалдын туруктуулугунун бузулушу качкындардын Борбордук Азия мамлекеттеринен, Тажикстандан, Өзбекстандан баш калкалоочу жай издөөсүнө түртөт. Андан соң алар Кыргызстанга да өтүп келүүсү ажеп эмес.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү