14
Февраль
Джоомарт Оторбаев встретился с вице-президентом регионального управления по странам Европы и Центральной Азии Всемирного банка Лорой Так
Бүгүн, 13 февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык Башкармасынын вице-президенти Лора Так, Борбордук Азия боюнча аймактык мүдүрү Сарож Кумар Джой жана жергиликтүү кеңсесинин башчысы Александр Кремер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууну ачып жатып, Жоомарт Оторбаев Лора Такты жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандын Дүйнөлүк Банк (ДБ) менен болгон мамилеси ачык, ал эми иш аракеттери эффективдүү болоруна ишенерин айтып өттү.
Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүн Республикадагы учурдагы социалдык-экономикалык жагдайды айтып, КР Өкмөтү тарабынан кыргыз элинин турмушун жакшыртуу үчүн каралып жаткан чаралар туурасында маалымдады.
“Биз үчүн 2013-жыл абдан ийгиликтүү болду. Өткөн жылы экономикалык өсүшкө жана бир катар маанилүү реформаларды өткөрүүгө жетиштик. Биз экономикалык өсүш саясий туруктуулукка шарт түзөт деп ишенебиз”, —деди ал.
Биринчи Вице-премьер-министрдин айтуусунда, ишкерлер жана бизнесмендер жакшы натыйжа ала алышкан. Маселен, Талас облусунун фермерлери 2013-жылы 100 миң тонна буурчак өндүрүп, 200 млн. АКШ доллар киреше табышкан. Ошондой эле Жоомарт Оторбаев мисал катары Бишкекте активдүү курулуш иштери жүрүп жаткандыгын айтып өттү.
«Борбор калаабызда учурда 100 миңден ашуун көп кабаттуу үйлөр курулууда. Бул элдин Кыргызстанда жашаганга жана иштегенге көңүлү бар экендигин айгинелейт. Үй кожоюндарынын ишеними ошондой эле саясий жагдайдын туруктуулугунда да көрүнүшү керек”, — деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.
Казакстанда теңгенин девальвациясына түшүндүрмө берип жатып, Кыргызстанда сом маселесинин жагдайы андан жакшы экендигин жана девальвация болжолу менен 4% түзөөрүн белгиледи.
Жолугушуунун алкагында ошондой эле мындан аркы кызматташуунун келечеги, мамлекеттик секторду реформалоодогу жол картасы жана өнүгүү саясатын колдоо боюнча операциялардын техникалык маселелери талкууланды.
Бюджет кодекси ошондой эле ДБ улуттук саясатынын жана институттарынын баалоо рейтингинин процессин жакшыртуу маселеси сүйлөшүүлөр учурунда өзүнчө тема болду.
“Биз коомго отчет беребиз, ошондуктан өлкөнүн позициясын Дүйнөлүк банктын жана эл аралык институттардын рейтингдеринде жакшыртууга кызыктарбыз. Өлкөдөгү калктын жашоосун жакшыртуу боюнча реформа жүргүзүүгө көп күч аракетти жумшап атып, көзкарандысыз институттардан туура багытта иш алып бара жатканыбыз тууралуу оң пикирлерди угушубуз керек. Биздин иш аракеттерибизди объективдүү баалоо да коом үчүн маанилүү ”, — деп жыйынтыктады Жоомарт Оторбаев.
КР Өкмөтүнүн аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү