01

Май

2014

Джоомарт Оторбаев встретился с журналистами ведущих российских СМИ

Бүгүн, 30-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Москва шаарында “Риа-новости” маалымат агенттигинде маалымат конференциясын берди.

Маалымат жыйынында орусиялык алдыңкы маалымат каражаттарынан 45тен ашуун журналист катышты. Бир саатка созулган маалымат конференциясында Жоомарт Оторбаев кыргыз-орус кызматташтыгы, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши, Орусиядагы Кыргызстандык мигранттардын абалы, өлкөдөгү орус тилинин макамы, кош жарандуулук жана энергетикалык долбоорлор боюнча 20дан ашуун суроолорго жооп берүүгө үлгүрдү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү