19

Апрель

2014

Жоомарт Оторбаев: Алча өстүрүү – жогору кирешелүү жана перспективалуу багыт

Бул туурасында, 19-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ош облусунун Араван районундагы Тете-Коргон айылдык башкармалыгынын жемиш бактары менен таанышуу учурунда билдирди. Өкмөт башчынын шабдалы, алма, алча жемиш бактарын аралап көргөн учурунда, 2013-жылы фермерлер 180 гектар аянтка алча отургузгандыктарын айтышты. “Быйыл алчанын көчөттөрүн 300 гектар жерге отургуздук. 2013-жылы жакшы гектарынан бир миллион сом киреше алып, Орусияга 3 миң тонна алча экспорттодук”, -деди дыйкандар. Жоомарт Оторбаев алча өстүрүү – атамекендик айыл чарбасында жогору кирешелүү жана перспективалуу багыт экендигин айтты. “Алча өстүрүү багытындагы демилгелер менен башталган иштерди ар тараптуу өнүктүрүү зарыл. Өкмөт өзү тараптан жеңилдетилген насыялар жана айыл чарба техникасы сыяктуу жардамдардын баардык түрлөрүн көрсөтөт”, – деди ал. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү