13

Май

2014

Эльвира Сариева: Кыргызстан последовательно реализовывает шаги по укреплению сотрудничества между кыргызским и таджикским народами

Бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Тажикстан Республикасынын кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Олим Рахимов менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда кыргыз-тажик маданий-гуманитардык кызматташтык жана аймактык социалдык биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр Кыргызстан коңшу эл менен достукту жана өз ара сыйлашууну жогору баалай тургандыгын жана ал азыркы кезге чейин эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ишенимдүү негиз болуп берээрин белгиледи.

“Учурда Кыргызстан кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн ырааттуу кадамдарын таштоодо. Мындан ары да ынтымактуу коңшулук мамилени кармоого кызыктар мамлекет катары биз эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө ниетиндебиз”, - деди Эльвира Сариева.

Ошондой эле, тараптар Баткен облусунун Баткен районунда 7-майда болгон кыргыз-тажик окуясын да сөз кылышты. “Формасы, мүнөзү, татаалдыгына карабай баардык маселелер биздин элдердин ортосундагы салттуу достук мамиленин алкагында чечилүүгө тийиш”, - деп сөзүн жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки мамлекет ортосунда маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү