23

Апрель

2014

Эльвира Сариева: «Создание благоприятных условий для устойчивого развития туризма является приоритетом Правительства»

Бүгүн, 23-апрелде, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын төрагалыгы алдында туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Ага министрликтер менен мекемелердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, ошондой эле, Кыргызстандагы туристтик бизнес өкүлдөрү катышты.

Жыйындын күн тартибинде жайкы туристтик мезгилге даярдык жана 2014-жылы туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча иш-чараларынын мерчемдери талкууланды.

Жыйынды ачып жатып, Эльвира Сариева туризм чет элдик валютанын агымын камсыздаган, өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошкон, кошумча жумушчу орундарын түзгөн экономиканын приоритеттүү тармагы экендигин белгиледи.

“Атамекендик туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Туризмди туруктуу өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү Өкмөттүн приоритети жана алдыга коюлган милдеттерди аткарууда баардык чаралар колдонулат”, - деди Эльвира Сариева.

Жыйындын жүрүшүндө жайкы туристтик мезгилге даярдыктар боюнча маалымат уктурулду. 2013-жылы туризм тармагына 7 536,4 млн. сом инвестиция тартылган. Туристтик ишмердүүлүктөн түшкөн 15 667,0 млн. сом ички дүң продукциянын көлөмүнүн 4,5 % түзөт. Туристтик кызматтарды экспорттоо (чет элдик жарандардан түшкөн киреше) 2013-жылы 560,5 млн. доллар болгон. Мейманкана жана башка кыска мөөнөттүү жашоо кызмат көрсөтүүдөн 2 168,0 млн. сом түшүп, 2012-жылга салыштырмалуу 23 % өсүштү көрсөткөн. 2013-жылы салык төлөмдөрүнүн көлөмү 98,0 млн. сом болгон.

Белгилесек, бул көрсөткүчтөр мамлекет менен бизнес өкүлдөрүнүн туризм тармагында биргелешип иштеген ишинин жыйынтыгы.

Туризм тармагын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасын дүйнөлүк мейкиндикте таанытуу жана алыскы, жакынкы чет мамлекеттерден келген туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында 2014-жылга туристтик тармакты өнүктүрүүнүн иш мерчемдери сунушталган.

Жыйында туристтик бизнес өкүлдөрү менен мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрү көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн аракетинде бир катар сунуштарды киргизишти же чек ара пункттарындагы процедураларды жөнөкөйлөштүрүү маселесин айтышты.

Жыйындын соңунда вице-премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга жыйындын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер боюнча тез арада чечим кабыл алууну тапшырды.

[gallery ids="34577,34578,34579,34580,34581,34582,34583,34584"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү