14
Февраль
Европейский Инвестиционный Банк планирует до конца года осуществить ряд инвестиционных проектов в Кыргызской Республике
Бул ЕИБ менен Кыргыз республикасынын кызматташуу боюнча макулдашууну ратификациялоосуна кол коюлгандан кийинки, ЕИБ өкүлчүлүгүнүн Кыргыз республикасына болгон биринчи сапары.
Жолугушуунун жүрүшүндө Умберто дел Панта Биринчи Вице-премьер-министрди 2014-жылы КыргызстанБорбордук Азиядагы банк үчүн ылайыктуу өлкө болоорун, ошондой эле жылдын аягына чейин ЕИБ энергетика, айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоого, ошондой эле таза суу менен камсыз кылуу, жана Ош, Жалал-абад шаарларындагы калдыктарды утилизациялоо долбоорлоруна каражат бөлүп берүүнү пландап жаткандыгы туурасында маалымдады.
Ошондой эле ал жогорудагы каржылоону ЕИБ атайын жеңилдетилген шарттарда көрсөтүп жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттар, техникалык жардамдар көрсөтүлөрүн айтты.
Умберто Дел Панта ЕИБ Борбордук Азия аймагына 200 миллиондон 300 миллион еврого чейин каражат бөлүп берүүгө даяр экендигин белгиледи.
Өзучурунда Жоомарт Оторбаев Кыргызстандагы каржылоонун жетишсиздиги ишкерлер үчүн бирден бир татаал көйгөй болуп келээрин, ошондой эле узак мөөнөттү финансы булактарын тартуу маанилүү экендигин белгиледи.
«ЕИБдин каржылоо үчүн тандалган секторлору Кыргызстан үчүн маанилүү, ошондой эле аталган долбоорлордун тезирээк ишке киришине биз да кызыктарбыз», —деди Ж. Оторбаев.
Маалымат үчүн:
Европалык Инвестициялык Банк дүйнө жүзүндөгү эң ири финансы институттарынын бири, Европалык бирикмеге кирген 27 өлкө банктынакционерлери болуп келет. Банктын капиталы болжол менен 350 миллиард еврого тете , ошондой эле ЕИБнасыя боюнча эң жогорку рейтингке ээ.
ЕИБ жана Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык макулдашуусуна 2013-жылдын 17 сентябрында Брюсселде Президент Атамбаевдин иш сапарында кол коюлган.
Борбордук Азияда Кыргызстандан сырткары Тажикстан жана Казакстан мамлекеттери ортосунда кызматташтык макулдашууларга кол коюлуп, ишмердүүлүгүн көрсөтүүдө.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү