07
Апрель
2014
Фермерлер менен айыл чарба товарларын кайра иштетүүчүлөргө берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмү 2 миллиарддан ашты
7-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо – 2” долбоорунун алкагында дыйкан чарбалары менен айыл чарба товарларын кайра иштетүүчүлөргө 2 миллиард 034 миллион 217 миң сом көлөмүндөгү 6 584 жеңилдетилген насыя берилди.
Долбоорго катышкан 6 банктын мисалында төмөндөгүдөй:
ААК «Айыл Банк» 2 975 насыя 849 597,0 миң сом.
ААК «РСК Банк» 2 192 насыя 711 549,0 миң сом.
ААК «Бакай Банк» 149 насыя 29 512,0 миң сом.
ЖАК «KICB» 364 насыя 107 080,0 миң сом.
ААК «Оптима банк» 881 насыя 327 728,5 миң сом.
ААК «Кыргызстан коммерциялык банкы» 23 насыя 8 750,00 миң сом.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү