14

Июль

2014

Главы Правительств Кыргызской Республики и Республики Казахстан договорились о совместных усилиях по успешному проведению летнего турсезона, совершенствованию процедур на пунктах пропуска и в

12-июлда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Бишкекке иштиктүү сапары менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту.

Жыйынды ачууда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Казакстан Республикасы Кыргызстандын негизги соода шериктеринин бири катары Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода жүгүртүү көлөмү боюнча үчүнчү орунду ээлейт. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, Казакстан менен соода-экономикалык мамилелердин кеңейтилиши КР тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыты болуп саналат.

2014-жылдын январь-март айларында Кыргыз Республикасынын Казакстан менен товар жүгүртүүсү 185,5 млн долларды түздү, анын ичинде экспорт – 66,9 млн долларды, ал эми импорт – 118,6 млн долларды түздү.

Эки өлкө Өкмөт башчыларынын талкуулаган негизги темасы катары Ысык-Көлдөгү туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү, тактап айтканда, казакстандык туристтердин коопсуздугун жана шартын камсыздоо жагы эсептелди.

Эки өлкө Премьер-министрлери буга байланыштуу коңшу мамлекеттердин жарандары чекараны коопсуз жана ыкчам ашып өтүү маселесине бурулду, анын катарында кыргыз-казак мамлекеттик чекарасындагы өткөрүү пункттарынын ишин, ошондой эле Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча так иш-чаралар талкууланды. Аталган максатта Өкмөт башчылары «Ак-Жол»-«Кордай» көзөмөлдөө өткөрүү пункттарын биргелешип кыдырып чыгышты.

“Учурда туристтик мезгил башталууда жана биз үчүн эс алууну каалаган Казакстандын жарандары чекараны көйгөйсүз ашып өтүүсү маанилүү», — деди Жоомарт Оторбаев анын жүрүшүндө.

Өз кезегинде Карим Масимов да жолугушуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Мында эки мамлекеттин чекара жана бажы кызматынын жетекчилери жана кызматкерлери катышууда. Алдыдагы эс алуу мезгилине биз бардык шарттарды түзүүбүз тийиш, Кыргызстанда туристтик сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүсү менен катар казакстандык туристтер чекарадан коопсуз өтүп, эс алуусуна шарт түзүлүүсү керек. Бүгүнкү күндө эки тараптан тең чекарадан өтүү боюнча нааразычылык пикирлер арбын болууда. Биз бул көйгөйдү жоюуга аракеттенишибиз керек. Биз бардыгыбыз бирдикте мунун үстүндө иш алып баруубуз зарыл», — деп белгиледи Карим Масимов.

“Биз туроператорлордун ишин активдештирүүдөбүз жана мында казакстандык туристтерди алып келебиз. Бул сиздер жана биздер үчүн да бирдей пайдалуу», — деп кошумчалады Карим Масимов.

Казак тараптын маалыматы боюнча, 2013-жылы Казакстандан Кыргызстанга 2,4 млн турист келген, бул 2012-жылга салыштырмалуу 593 миң адамга көп дегенди түшүндүрөт. Мында казакстандыктардын көбүнэсе бөлүгү жайкысын Ысык-Көлгө келген. Андан соң тараптар КР аймагында жайгашкан «Ак-Жол»-«Кордай» көзөмөлдөө өткөрүү пунктундагы пилоттук долбоор менен өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорттук каражаттарды бажылык каттоодон өткөрүүдө биргелешип көзөмөлдөөнү баштоо тууралуу макулдашышты.

Тараптар «Чоркудук» тоолуу жергесиндеги кыргыз-казак чекарасы аркылуу казакстандык туристтик топтордун өтүшүн жөнөкөйлөтүү маселесин чечишти.

Жайкысын туристтердин жана автобустардын өтүүсүн тездетүү максатында кызматкерлер санын жогорулатуу, мамлекеттик чекара тилкелериндеги өткөрүү пункттары тууралуу маалымдоо аркылуу эки өлкө чекара жана бажы органдарынын биргелешкен пландарын иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле казак тарапка КР ИИМ Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын органдары өлкөдөгү жол эрежелери жана расмий айыппул өлчөмү туурасында маалыматтык эскертмелерди таркатып, Жол-кайгуул кызматы тараптан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маалыматтык баннерлер жайгаштырылып жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын КР Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык мейкиндигине кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү, тактап айтканда, КР Жол картасында каралган иш-чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү тууралуу макулдашуусу орун алды. Эки тарап КР интеграциялык биримдикке ийгиликтүү багыт алгандыгын, ошондой эле келечектеги соода-экономикалык кызматташуунун тереңдетилишине кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле тараптар Кыргыз республикасына мунай жана мунай продукциясын ташуу, «Кыргыз-казак түз инвестициялар фонду” АК ишке киргизүүнү активдештирүү, фитосанитардык көзөмөл, тактап айтканда, Казакстан Республикасына КР сүттү кайра иштетүүчү ишканаларынын жана эт продукциясын сатуу жаатында маселелер тыкыр талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө энергетика, сугат суу менен камсыздоо, ошондой эле эки өлкөнүн чарба субьектилеринин талашын жөнгө салуу жаатында кызматташуу маселеси козголду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү