28

Апрель

2014

Халит Джынгыллыоглу: «Мы верим новому Правительству, поэтому значительно увеличили объем наших инвестиций в Кыргызстане»

Халит Джынгыллыоглу: “Биз жаңы Өкмөткө ишенебиз. Кыргызстанга болгон инвестициянын көлөмүн кеңейттик”

Бүгүн, 28-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев ЖАК “Демир Кыргыз Интернэшнл Банктын” өкүлдөрү, негизги акционер Халит Джынгыллыоглу жана директорлор кеңешинин төрагасы Исмаил Хасан Акчакаялиоглуну кабыл алды.

Жолугушууда Жоомарт Оторбаев “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк” өлкөдө 100% чет элдик капиталы менен коммерциялык банктардан биринчилерден болуп сапаттуу тейлөө жана жаңы каржы инструментин киргизүү боюнча пионерлерден.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча, 2013-жылдын 31-декабрына карата актив көлөмү 200 млн. доллардан ашык, капитал көлөмү – 18 млн. доллар, киреше – 6 млн. доллардан ашык.

Жоомарт Оторбаев Өкмөт тарабынан учурда инвестициялык ыңгайлуу жагдай түзүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын айтты. Банкоматтарды импорт төлөмгө кошулган салыктан бошотуу боюнча маселе каралууда.

“Өлкөнү өнүктүрүү үчүн экономикалык абалды жакшыртышыбыз зарыл. Биздин мыкты коногубуз – инвестор. Аларга каржы системасын алгалатууну камсыздоо боюнча баардык ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Акчаны электрондук жүгүртүү көмүскө экономикага бөгөт коет. Бул багытта ишти күчөтүү абзел”, - деди, Жоомарт Оторбаев.

Халит Джынгыллыоглу Премьер-министрге банк инвестиция көлөмүн көбөйткөнүн айтты. Жакында дагы бир нече доллар инвестиция тартылаарын билдирди.

“Биз жаңы Өкмөткө ишенебиз, ошол себептен, оптимисттик маанайда өлкөдө иш алып барууну гана эмес, инвестиция көлөмүн жогорулатууга да ниеттенип жатабыз”, - деди Халит Джынгыллыоглу.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү