18
Январь
Итоговый пресс-релиз
13- январь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунун Баткен районундагы Аксай аймагынын кыргыз-тажик чек арасында ок атышууда жарадар болгон чек арачылардын ден-соолугун сурады.
Чек арачыларды дарылаган доктурлар Жантөрө Сатыбалдиевге маалымдагандай, алардын үчөө тең алгач, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жана Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмдөрүнө жаткырылган.
“Адистердин консилиумунан жана жараттарды кайра карап чыгып, таңуудан кийин, дарылоо иштери туураланды. Учурда Кутман Асылбеков менен Алтынбек Токтомаматовдун абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык. Ал эми Изат Буйлашовдуку туруктуу оор бойдон калууда”, - дешти дарыгерлер.
Премьер-министр өзүнүн жана Өкмөттүн атынан көрсөткөн эрдиктери жана мамлекеттик чек араны сактоодогу кыраакылыктары үчүн чек арачыларга терең ыраазычылык билдирди.
“Өкмөт чек арачыларга атамекендин мейкиндиктерин коргоодогу татаал кызматына ар тараптан колдоо көрсөтөт. Өлкөнүн коопсуздугу сиздердин колуңуздарда. Силердин эрдигиңер унутулбайт. Быйыл мамлекеттик чек араны чыңдоого жана чек ара боюндагы калктуу пункттардын инфраструктурасын жакшыртууга Өкмөт артыкчылыктуу маани берет”, - деген Жантөрө Сатыбалдиев каармандык көрсөткөн чек арачыларга дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.
*****
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында аймактын фермерлери менен жолугушту.
“Ала-Тоо” асыл тукум уйларын жана гисар койлорун көбөйтүп, жакшыртуунун үстүндө иштеп жаткан фермерлер менен жолугушуу учурунда Тайырбек Сарпашев өлкөнүн айыл чарбасын, анын ичинде мал чарбачылыгын колдоо максатында Өкмөттүн жасап жаткан иштери жана алдыдагы мерчемдери туурасында кеңири айтып берди.
Вице-премьер-министр “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында берилип жаткан насыялардын эң төмөнкү көрсөткүчүн 400 миң сомго жеткирүү боюнча чечим кабыл алынганын айтты. Ошондой эле, жер семирткичтерди алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ал эми, жеңилдетилген насыяларды алуу иши жөнөкөйлөтүлөт, ошондой эле, республиканын дыйкандарына лизингге техника берүү улантылууда.
14- январь
“Идеология Ата-Мекенге болгон сүйүү, мекенчилдик жана рухий байлыкка негизделүүгө тийиш”, - бул туурасында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен жолугушуу учурунда айтты.
Жолугушууга ошондой эле министрликтин департаменттери менен башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө 2013-жылдын жыйынтыгы жана министрликтин үстүбүздөгү жылга карата мерчемдери талкууланды.
“Өкмөттүн алдында жакырчылыкты жоюу милдеттери турат. Бул маселени биз жаңы жумушчу орундарын түзүү менен гана чече алабыз. Ушул жылы министрлик 45 миңге чукул жарандарыбызды жумуш орундары менен камсыздай алат деп ишенем. Бул багытта сиздер социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте иш алып барышыңыздар керек”, – деди Камила Талиева.
15 - январь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик сатып алуулар системасын жакшыртуу боюнча ишти тездетүүнү каржы министринин орун басары Таалай Таткуловго тапшырды.
“Учурдагы мамлекеттик сатып алуулар системасы коррупцияга айланган. Кызыктар болгон айрым адамдар мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоого бут тосууда. Ага карабастан, быйыл жаңы система ишке кириши керек”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Ошондой эле, Премьер-министр Таалай Таткуловго бул багыттагы жылыштар боюнча эки жумада бир жолу маалымат берип турууну айтты.
*****
1-марттан тарта укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек маяналары жогорулайт.
Өкмөттүн тиешелүү Токтомуна 14-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
Документке кол коюп жатып Өкмөт башчы бул чечим укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгек акысынын шарттарына карата бирдиктүү ыкманы камсыздоо максатында кабыл алынганын белгиледи.
Буга ылайык, 2014-жылдын 1-мартынан баштап төмөндөгү кызматкерлердин акчалай маянасынын жана пенсиялардын орточо көбөйүүсү 37 пайыз тартибин түзөт:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик фельдъегер кызматынын;
-Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүүчү мекемелерди кайтаруу жана соттолгон жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү боюнча департаментинин аскер кызматкерлеринин.
Бул чечим 2014-жылдын 1-мартынан баштап күчүнө кирет.
Токтомдун кабыл алынышы менен, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин айрым категорияларынын пенсиялары олуттуу көбөйө тургандыгын белгилеп кетүү керек. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга республикалык бюджеттен 1,6 млрд.сом көлөмүндө каражаттар бөлүнөт.
Мындан тышкары, Премьер-министр Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн эркин жалданган жана жарандык персоналдарынын эмгек акысын 100 пайызга көбөйтүү тууралуу Токтомго кол койду.
Бул чечим 2014-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
*****
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Казак Республикасынын Алмата шаарында өтүп жаткан “Ислам өнүгүү банкынын акыркы 40 жылдагы ишмердүүлүгү жана алдыдагы 10 жылдыктагы өнүгүү стратегиясын талкуулоо” деген аталыштагы Ислам өнүгүү банкынын аймактык форумуна катышты.
Форумдун максаты – Ислам өнүгүү банкынын алдыдагы 10 жыл ичиндеги өнүгүү стратегиясынын долбоорун талкуулоо.
Форумдун алкагында Тайырбек Сарпашев Ислам өнүгүү банкынын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Анда Вице-премьер-министрдин Ислам өнүгүү банкынын борбору жайгашкан Сауд Аравия хандыгына жасаган иш сапарында жетишилген сүйлөшүүлөрдүн аткарылышы талкууланды.
16- январь
Былтыркы жылдай эле жылытуу мезгилинин жыйынтыгы менен олуттуу чечимдер чыгарылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев калкты жана экономика тармагын кышкы жылытуу мезгилинин жүрүшү боюнча Республикалык штабдын жыйынында айтты.
Жантөрө Сатыбалдиев белгилегендей, облустар электр энергиясын пайдалануу боюнча чектөөлөрдү сактабай келишет. “Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү чектөөлөрдүн сакталышынан көз каранды. Учурда кышта кардын аз жаашы, суунун аз болушу, ага этият мамиле кылууну талап кылат.”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Премьер-министр ири дебитордук карыздары бар чарбалык субъектилерге өзгөчө көңүл бурду. “Дебитордук карыздар биринчи кезекте начар жана натыйжасыз башкаруудан келип чыгат. Атамекендик энергетикалык компанияларда сапаттуу менеджмент жок”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев, каржы министри Ольга Лавровага дебитордук карыздары бар мамлекеттик органдарга каражат берүүнү токтотууну тапшырып. – “Алар дебитордук карыздарын жойгондон кийин гана каражат ала алышат”.
Өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин баяндамасына ылайык, 16-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү12 млрд. 665 млн. кубометр.
“2013-жылдын 12 айында 13 млрд. 995,2 млн. кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан же, мурдагы жылдын ошол убактысына карата 92% түзөт. Анын ичинде: ГЭСтерге 13 млрд. 99,5 млн. кВт саат, Бишкек шаардык ЖЭЦке 895,6 млн. кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан. 2013-жылдын январь-декабрь айларында энергокомпаниялардагы электр энергиясынын жоготуусу 1 млрд. 980 млн. кВт саат, же 17,9%, ал эми 2012-жылы бул көрсөткүч 21,2 5 болгон”, – деди министр.
Ошондой эле Осмонбек Артыкбаев былтыркы жылга салыштырмалуу жарык 3 миң 46 жолу аз авариялык өчүрүүлөргө дуушар болгон. “Бул энергетиктердин өз учурундагы ишинин жыйынтыгы. Атап айтсак, былтыр Бишкек, Ош шаарларында 6-10 кВ кабель линиялары мерчем боюнча 65 чакырым болсо, 81 чакырымга орнотулган. Анын ичинде Бишкек шаарында 68,9 чакырым ушундай эле чубалгылар, ал эми мерчемде 55 чакырым. Мындан сырткары Бишкек боюнча 50 чакырымга мерчемделген өзү алып жүрүүчү жабдылма ВЛ-0,4 кВ чубалгылары 55 чакырымга орнотулган. Ош шаарында 6-10-0,4 кВ чубалгылары 12,1 чакырымга орнотулуп, түйшүктүү трансформаторлор алмаштырылган”, – деди ал.
Штабдын жыйынтыгында маалым болгондой, 2014-жылдын 109-январына карата республика боюнча мерчемдеги 90,1% көмүрдүн 83,8% же,1 млн. 677,6 миң тоннасы камдалган. Ошондой эле мерчемдеги 47,02% мазуттун 29,54 миң тоннасы же 42,55% даярдалган.
17 -январь
Быйыл “Айыл-агро-2014” көргөзмөсүндө айыл чарба товарларын кайра иштетүүчү жабдыктарга өзгөчө көңүл бурулат.
Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев “Айыл-агро-2014” айыл чарба өндүрүшүнүн II Эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында сөз кылды.
Тайырбек Сарпашев белгилегендей, быйыл көргөзмөнүн уюштуруучулары айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуучу жабдыктарга өзгөчө көңүл бураарын айтышууда. “Былтыр биз биринчи жолу “Айыл-агро-2013” көргөзмөсүн уюштурганбыз, анын жыйынтыгы биз тандап алган жолдун тууралыгын көрсөттү. Сөзүбүз кур болбосун, 2013-жылы өлкөгө 1280 даана айыл чарба техникасы алынып келинди, анын бир тобу лизинг шартында берилди. Бул чыныгы жетишкендик”, – деди Вице-премьер-министр.
Ал эми Орусиялык “Росагромаш” айыл чарба өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Евгений Корчевой билдиргендей, үстүбүздөгү жылы айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр менен катышуучулардын саны көп болгондугуна байланыштуу көргөзмөнүн аянты да кеңири болот. “Болжолдонгондой, көргөзмө аянты 6 миң чарчы метрди түзөт. Аны менен бирге банктардын, соода жана лизинг күркө аянттары да чоңойтулат. Көргөзмөгө болгон кызыгуулардын арбын болушунан 15 мамлекет катышаары күтүлүүдө, ал эми жалпы катышуучулардын саны 9 миң адамга жетет”,- деп жыйынтыктады ал.
Жыйындын жүрүшүндө Тайырбек Сарпашев келээрки жумада “Айыл чарбасын каржылоо – 2” долбооруна катышууну каалагандар коммерциялык банктар менен Меморандумга кол коюу иши мерчемделип жатканын айтты.
Уюштуруу комитетинин чечими менен “Айыл-агро-2014” көргөзмөсү Бишкекте 14-16 –майда өтөт.
18- январь
Премьер-министр Кыргызстан “Кумтөр” кенине толук көзөмөлдүктү биздин мыйзамдардын негизинде гана иш алып баруу шартында мүмкүн экендигин айтты.
Өкмөт мүчөлөрү жана «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү алып барган Кеңеш берүүчү совет Кумтөр долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча Келишимдин негизги шарттарына киргизилген акыркы оңдоолорду карап чыгып колдошту.
“Учурда «Centerra Gold Inc.» компаниясы Канадада катталган жана анын мыйзамдарынын негизинде иштейт, миноритардык акционерлерди коргойт. Сунушталып жаткан Биргелешкен ишкана кыргыз мыйзамынын негизинде иштеп, “Кумтөр” долбоору канадалык юрисдикциясынан кыргыз тарапка өтөт”, – деп белгиледи.
Жантөрө Сатыбалдиев билдиргендей, 2013-жылдын жыйынтыгы менен «Centerra Gold Inc.» 145 млн.доллар таза киреше алган, ал эми Кыргызстан болгону 11 млн. 400 миң долларга ээ болгон.
“Эгерде Меморандум сентябрда колдоо тапса, Кыргызстан мындан да көп киреше алмак. Биз 72 млн доллар жана Биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталганы үчүн дагы 7 млн. доллар алмакпыз. Өлкө бир жыл ичинде ар кандай грант жана эл аралык жардам ирээтинде 40 млн. доллар алат. Биз сырттан донордук жардамдарды күтүп үмүттөнө беребиз, ал эми ошол эле кезде Биргелешкен ишкана 80 млн. доллардан кем эмес каражат бермек. Мага “жашыруун мекенчилдердин” оюу жана кыйкырыктары түшүнүксүз. Мындай “куру мекенчилдер” саясий упай топтоо үчүн мекендин, кыргызстандын тагдыры менен ойноп жатат. Былтыр мына ушул “мекенчилдердин” кесепетинен өлкө 80 млн. доллар албай калды. Балким аларды калктын айрым катмарлары колдоп, баатыр деп санап жатышкандыр. Бир канча убакыттан соң мезгил алардын туура эмес кадамдарга барганын далилдейт”, – деди премьер-министр.
Кадр саясаты
Арбаев Советбек Асанович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү