26

Январь

2014

Итоговый пресс-релиз

(20-25 январь 2014 жыл)

20- январь

Камила Талиева жана Канат Садыков министрликтин ушул жылдагы иш мерчемин талкуулашты.

Жумушчу жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-мартындагы № 2913-V «Жалпы республикалык тестирлөө жана сынактын негизинде ЖОЖдорго кабыл алуу. Көйгөйлөр жана келечектер” токтомунун аткарылышы талкууланды.

Белгиленген токтомдун аткарылышы боюнча Канат Садыков каржы каражатынын жетишпегендигине байланыштуу 2 бөлүктөн башка иш-чаралардын баары аткарылды жана аткарылууда экендигин маалымдады.

Ошондой эле, кеңешмеде 2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылдын билим берүү мекемелеринин келечектеги иштери белгиленди.

21- январь

Өзбекстандан алынуучу жер семирткичтердин биринчи тобу келээрки жумада өлкөгө келип түшөт

Бул туурасында, 21-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 2014-жылы фермер жана дыйкан чарбаларын минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо маселеси каралган селектордук кеңешмеде айтты.

Кенешмени ачып жатып Тайырбек Сарпашев мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасы Өзбек Республикасынан 200 миң тонна минералдык жер семирткич сатып алаарын айтты.

“Бул цифра – республиканын орто эсеп менен, аммиактуу азот-кычкыл тузу, карбамид, аммоний туздуу күкүрт  кислотасы сыяктуу жер семирткичке болгон муктаждыгы. Учурда аймактардан келип түшкөн билдирмелер такталып жатат. Анын натыйжасында биз кайсы аймакка кандай көлөмдөгү жер семирткич зарыл экендиги билинет.  Азыркы мезгилде өзбек тарап менен 60 тонна жер семирткич алуу келишими түзүлгөн. Жалпы наркы 70 млн. сом көлөмүндөгү 5 миң тонна жер семирткичтин биринчи тобу келээрки жумада өлкөбүзгө келип түшөт”, - деди ал.

Вице-премьер-министр мамлекеттер аралык келишим жолу менен алынуучу жер семирткичтер алып сатарлардын колуна түшпөөсүн тыкыр көзөмөлгө алууну  жер-жерлердеги жетекчилерге, райондордун акимдерине тапшырды.

22-  январь

Камила Талиева Ош мамлекеттик университетинде болду.

Камила Талиева окуу жайдын ишмердүүлүгү, окуу-методикалык базасы, китепканадагы китеп фонду менен таанышты.

Вице-премьер-министр заманбап копьютердик техника менен жабдылган класстарды көрүп, окуу процессинин жүрүшүнө катышты.

“Жаңы компьютердик технологияларды пайдалануу менен, туура иштелип чыккан жана ийгиликтүү колдонулган окуу процесси жогору дасыккан адистерди даярдоого өбөлгө болот, ал өз кезегинде кабыл алуу экзамендеринде жана сессиялардын учурунда коррупцияны төмөндөтүүгө негиз берет”, - деп белгиледи Камила Талиева.

23 - январь

Үрөн чарбасын өнүктүрүү үчүн 14 үрөнчүлүк чарбасы тандалып алынды.

Анын 5 – Чүй облусунда, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында экиден жана Баткен, Нарын, Талас облустарында бирден үрөнчүлүк чарбасы жайгашкан.

2013-жылы өткөрүлгөн тендерге ылайык, үрөнчүлүк чарбалары үчүн 96 даана үрөн тазалоочу, жер кыртышын иштетүүчү, сээп-жыйноочу айыл чарба техникалары жана жабдуулары 4,1 млн. долларга алынган.

Мындан сырткары, USAID долбоору аркылуу республика боюнча тандалып алынган 14 үрөнчүлүк чарба үчүн  0,3 млн. долларга мындан ары көбөйтүү максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктары алынган.

Учурда, USAID долбоору аркылуу тандалып алынган үрөнчүлүк чарбалары менен Каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун ортосунда жогоруда аты аталган техника, жабдууларды жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктарын пайыздык үстөгүсүз товардык насыя ирээтинде алуу боюнча келишим түзүлдү. Товардык насыя алгачкы эки жылда акча төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу менен, 7 жылдык мөөнөткө берилүүдө. Анын 30% акча түрүндө, 70% айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уруктары түрүндө төлөнөт.

24 - январь

 “Кумтөр” боюнча жаңы келишим толугу менен Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп берет деди Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

Премьер-министр Жанторо Сатыбалдиев “Ата Журт” фракциясынын отурумунда катышты. Күн тартибинде “Кумтөр” боюнча жаңы келишим каралды.

“Эки жактуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз Өкмөтү “Кумтөрдү” юридикалык жана практикалык жактан жалпы көзөмөл жүргүзүүгө, реалдуу үлүшүн кескин жогорулатууга толугу менен жетишти. Булардын баары “Кумтөр” боюнча Жаңы кол коюлган келишимге так жана ачык-айкын жазылды”, – деди Ж.Сатыбалдиев.

Премьер-министрдин айтымына караганда, алардын Кыргызстан үчүн эң маанилүү жана принципиалдуулары “Кумтөрдүн” Канаданын юрисдикциясынан чыгып, жаңыдан Кыргызстанда каттоодон өтүп, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барат.

 

Өлкөнүн тоо кен тармагынын флагманы болгон “Кумтөрдү” юридикалык жактан толук көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.  Учурда “Кумтөр” кенинде “Кумтор Оперейтинг Компани” жана “Кумтор Голд Компани” ишканалары иштеп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бул эки компания жоюлуп алардын активдеринин негизинде Жаңы биргелешкен ишкана түзүлөт. Мындай жаңы ишканада эки тараптын үлүшү тең барабар болот – 50/50дөн”, – деди Ж.Сатыбалдиев.

25-  январь

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусунда Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун биринчи тизилиш аземи болду.

Өкмөт башчы жаңы түзүлгөн полк  көчөлөрдө жана ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү мезгилинде, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда күч-каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи.

“Мындан ары ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полку заманбап автотехникалык, атайын каражаттар, байланыш каражаттары жана башка зарыл болгон жабдуулар менен камсыз болушат”, – деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Куттуктоодон кийин  Премьер-министр полк үчүн алынган атайын техниканы көрүп чыкты.

*****

Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары – көчмөндөрдүн чыныгы рухий баалуулуктарын сактап калуунун дагы бир мүмкүнчүлүгү.

Бул туурасында, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ками ла Талиева Ысык-Көл облусунун Булан-Соготту айылында өткөн “Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк Оюндарынын” форумунда айтты.

Форумдун катышуучуларына кайрылып жатып Камила Талиева Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарын өткөрүү көчмөн калктын цивилизациясынын рухий мурасын, маданиятын, салттарын даңазалоодо маанилүү экендигин айтты.

Форумдун жүрүшүндө белгилүү болгондой, оюнду өткөрүүгө 3 млн. доллар сарпталат. Ошондой эле оюндардын жүрүшү 40 мамлекетте түз алып көрсөтүлөт.

2014-жылдын 8-14-сентябрында өтө турган Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндары аталган оюундарды үгүттөө жана эл аралык, спорт байланыштарын чыңдоо максатында өткөрүлөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча турнирге Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменстан, Азербайжан, Монголия, Орусия Федерациясынан катышышат. Кыргызстан мелдештин уюштуруучусу катары ар бир спорттун түрү боюнча экиден команда коет.

Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк Оюндарынын программасына Көк-Бөрү, Тогуз коргоол, Кыргыз күрөш, Алыш, Оодарыш, Ат чабыш, Жорго салыш,  Кунан чабыш, Ордо, Кыз-куумай оюндары киргизилди. Ошондой эле, улуттук оюндар Тыйын эңмей, Кулатуу, Салбуурун да кире турган болду.

Форумдун жүрүшүндө Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарынын түзүмү сунушталып, мелдештин программасына кирген оюндар көрсөтүлдү жана  судьялык эрежелер такталды.

Форумдун жыйынтыгы менен Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк Оюндарынын Резолюциясына кол коюлду.

Кадр саясаты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругуна ылайык Кубанычбек Кулматов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына тиешелүү дайындоолорго чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Туратбека Жунушалиевге милдеттендирилди.

Назира Усеналиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.

Нурлан Шерипов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү