27
Январь
Из 398 государственных услуг, включенных в Реестр, 238 -платные, 160 - бесплатные
2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылы башталган мамлекеттик кызматтардын түзүмүн жакшыртуу боюнча реформа улантылган.
Мурда “мамлекеттик кызматтардын ” саны 21 миңге чейин жетсе, азыркы учурда мамлекеттик кызматтардын тизмесин 27 министрликтер жана мекемелер түзөт, анын мамлекеттик кызмат көрсөткөндөрү 398, алардын ичинен акы төлөнүүчүсү - 238, акысызы – 160.
2013-жылдан тарта, мамлекеттик кызматтардын тизмесине киргизилген мамлекеттик кызматтардын долбоорлорунун үлгүсүн кайра иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө.
2013-жылдын декабрына карата долбоорлордун 19 үлгүсү, эскертүү жана сунуштарды эске алуу менен , мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү системалык тизмегин түзүү боюнча тармактар аралык комиссия тарабынан жактырылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүүчечим кабыл алуу үчүн сунушталган.
Тизмеге кирген мамлекеттик кызматтар үчүн административдик регламентти кайра иштеп чыгуу үчүн негиз болгон мамлекеттик кызматтардын типтүү долбоорун иштеп чыгуу бекитилди.
Мындан сырткары, 2013 – жылы муниципалдык кызматтарды оптимизациялоо системасын жакшыртуу боюнча 17 муниципалдык кызматтарды камтыган Базалык тизмек долбоору иштелип чыгып, талкууланууда.
Ошондой эле жергиликтүү муниципалдык кызматтардын тизмегин түзүү жобосу жана стандартташтыруу иштелип чыкты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү