23

Январь

2014

Камила Талиева: Детские сады и все дошкольные учреждения должны использоваться по их прямому назначению - на благо подрастающего поколения

Бүгүн, 22-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинде жана аталган университетке караштуу “Зирек” бала бакчасында болду.

Камила Талиева университеттин окуу – методикалык базасы менен таанышып, китепкана фондун жана  лабороториясын көрүп чыкты.

 “Университеттин студенттери тажрыйба иштери үчүн заманбап лабороторияда иштеп, жаңы методикалык окуу куралдарын пайдаланышы кубандырат” – деди ал.

Университетте болгон жолугушууда, Вице-премьер-министр жаңы курулуп жаткан окуу корпустарынын курулушу өз учурунда бүткөрүлүп, Ош мамлекеттик университетинин медицина факультети ар тармактуу жана жогорку квалификациядагы врачтарды даярдап чыгараарына терең ишенимде экенин билдирди.

Мындан тышкары, Камила Талиева Ош мамлекеттик университетине караштуу 120 орунга ылайыкташтырылган бала бакчада  болду.

“Бул бала бакчада үйдөгүдөй жылуу жана ыңгайлуу.  Балдар бири – бири менен кантип сүйлөшүү туурасында биринчи мүмкүнчүлүктөрдү  жана өздөрүн курчап турган дүйнө туурасында билүүгө толук шарт бар. Жакынкы убакта   республикабыздын бардык  балдары ушундай шартта тарбия ала алат деп ишенем”, - деди ал.

 “Бүгүнкү күндө Өкмөт мамлекеттик уюмдар жана органдар тарабынан колдонууга алынган бала бакча имараттары боюнча иш алып барууда.Бала бакчалар жана мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин имараттары өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоо үчүн өз тике максатында пайдаланууга тийиш”- деп белгиледи  Камила Талиева.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү