20

Январь

2014

Камила Талиева и Канат Садыков обсудили план работы министерства на текущий год

Бүгүн, 20-январда, кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды.

Жумушчу жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-мартындагы № 2913-V «Жалпы республикалык тестирлөө жана сынактын негизинде ЖОЖдорго кабыл алуу. Көйгөйлөр жана келечектер” токтомунун аткарылышы талкууланды.

Белгиленген токтомдун аткарылышы боюнча Канат Садыков каржы каражатынын жетишпегендигине байланыштуу 2 бөлүктөн башка иш-чаралардын баары аткарылды жана аткарылууда экендигин маалымдады.

Ошондой эле, кеңешмеде 2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылдын билим берүү мекемелеринин келечектеги иштери белгиленди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү