14

Январь

2014

Камила Талиева: Идеология должна основываться на любви к Родине, патриотизме и здоровом духе

Бүгүн, 14-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле министрликтин департаменттери менен башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө 2013-жылдын жыйынтыгы жана министрликтин үстүбүздөгү жылга карата мерчемдери талкууланды.

“Өкмөттүн алдында жакырчылыкты жоюу милдеттери турат. Бул маселени биз жаңы жумушчу орундарын түзүү менен гана чече алабыз. Ушул жылы министрлик 45 миңге чукул жарандарыбызды жумуш орундары менен камсыздай алат деп ишенем. Бул багытта сиздер социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте иш алып барышыңыздар керек”, - деди Камила Талиева.

Вице-премьер-министр тилекке каршы өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого жаштар саясаты анча көңүл бурбай жаткандыгын айтты. “Бизде негизинен идеология жок. Жаштар өзү менен өзү калды. Жаш муунга  саламат жашоонун баалуулуктарын үйрөтүүбүз абзел. Идеология Ата-Мекенге болгон сүйүү, мекенчилдик жана рухий байлыкка негизделүүгө тийиш. Мисалга алсак, 2014-жылы “Көчмөндөрдүн оюну” аттуу бүткүл дүйнөлүк масштабдагы иш-чара өткөрүлөт. Министрлик аталган иш-чарага катышуусу керек”, - деди ал.

Вице-премьер-министр  бул жылы министрликтин алдында көп милдеттер турганын айтты. “Нормативдик-укуктук базаны иштеп чыгып, Кичи жана Чоң Памирдеги мекендештерибиздин жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын маселелерин чечүү керек. Негизгиси, кесиптик-техникалык билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Өлкөгө керектүү адистерди өз алдынча даярдоого кудуретибиз жетет”, - деп белгиледи Камила Талиева.

Жолугушууда 2014-жылдагы артыкчылыктуу милдеттер жана башка маселелер да каралды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү