12

Март

2014

Камила Талиева: Мероприятия, организованные в рамках форума «Бишкек – Столица исламской культуры», пройдут в период с 20 мая по 19 октября

Бүгүн, 12-мартта, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Ислам кызматташтык уюму тарабынан жарыяланган Бишкек-2014-жылдагы Ислам маданиятынын борбору иш-чарасын өткөрүүгө байланыштуу уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрдү.

Жыйында 20-майдан 19-октябрга чейинки мөөнөттө Эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чарага даярдык жөнүндө сөз болду. Бул окуяга байланыштуу Кыргызстанда бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлөт. Атап айтсак, көркөм көргөзмөсү, кинофестиваль, симпозиумдар жана конференциялар, туризм жарманкеси. Алардын баары ислам маданиятын таанытуу жана өнүктүрүүгө, Ислам кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин маданий кызматташтыгын арттырууга арналат.

Камила Талиева “Кыргызстан-динден тышкары мамлекет” урааны астында өтүүчү иш-чаранын  маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бишкек шаарын 2014-жылдагы Ислам маданиятынын борбору деп жарыялоонун эч кандай саясий, же диний мааниси жок. Болгону мүчө мамлекеттердин илимий, маданий дараметтеринин алмашуусу гана. Сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, кыргыз жана дүйнөлүк кинематографтардын тасмаларын көрсөтүү, заманбап маселелер боюнча пикир алышуу- бул маданияттын диалогу”, - деди ал.

Вице-премьер-министр иш-чараны өткөрүүгө жаштарды тартууну эскертти. “Жаштарды көңүл сыртында калтырбайлы. Аларды өзгөчө илимий конференциялар менен маданий иш-чараларга тарталы”, - деди Камила Талиева.

Кеңешменин жыйынтыгында Вице-премьер-министр Ислам кызматташтык уюмуна кирген мүчө-мамлекеттердин көбү таанып биле тургандай  кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүн, туристтик жарманкени уюштуруп, өткөрүү зарылдыгын айтып, тапшырмаларды берди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү