28
Январь
Камила Талиева: Мы надеемся, что текущий год будет более насыщенным, чем 2013 год
Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кеңейтилген коллегиясынын ишине катышты.
Коллегияда 2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылга карата иш мерчемдери талкууланды.
Камила Талиева өз сөзүндө маданият жана искусство тармагындагы ар бир кызматкер мерчемделген иштин маанилүүлүгүн сезе билүүсү керек экендигин айтты.
“Биз 2014-жылдын иш мерчемдерине республикалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды киргиздик. 2013-жыл министрлик үчүн түшүмдүү жылдардан болду жана быйылкы жыл дагы мыкты жылдардан болот. Сиздердин 2014-жылды – маданият жылы деп жарыялоо сунушуңуздар абдан жакшы ой. Бул сунушту карап чыгуу керек”, - деди ал.
Китепкана ишмердүүлүгү жана китеп фондусу тууралуу маселеде Камила Талиева көйгөйлүү маселелер бар экендигин белгиледи.
“Китепканалардагы китептердин 80-85% эскилиги жеткен. Ошол себептен кайсы окурмандарды тарта аласыздар. Фонддо жакшы, жаңы китептер болсо, албетте адамдар кызыгуу менен окушмак. 2013-жылы Өкмөт кыргыз жазуучуларынын Фондун түзүп, ага 3 млн. сом каралган. Бул атамекендик адабияттын өнүгүшүнө салым кошот деп ишенем. Мындан кийинки жылдарда биз бул берене боюнча каржылоону кеңейтели деп турабыз. Биз шаардык, айылдык китепканаларга жаңы жашоо берип, алардын фондун китеп менен толтурушубуз абзел”, - деп белгиледи Камила Талиева.
Коллегияда Вице-премьер-министр музыкалык мектептерди аспаптар менен камсыздоо маселесин да козгоду.
“Көптөгөн мектептерде фортопиано, виолончель жана башка бир топ аспаптар жок. Бул жакшы көрүнүш эмес. Себеби, искусство аркылуу гана биз балдарга татыктуу тарбия бере алабыз. Кырдаалды жакшыртуу үчүн ушул багытка инвестиция тартуу керек, ушул багытта жетишпестиктер да арбын. Ошондой эле биз композиторлор менен музыканттар үчүн сынактарды өткөрүшүбүз зарыл. Балдардын дүйнөнү таанып билишине татыктуу салым кошуубуз керек”, - деди Камила Талиева.
Атамекендик киноөндүрүш тармагы жөнүндө кеп болгондо Вице-премьер-министр Кыргызстан жыл сайын кино тартуу боюнча мамлекеттик буйрутманын негизинде 1-2 тасма жаратуунун мерчемдеп жатканын айтты. “Биз киноөндүрүштү өнүктүрүп, деңгээлин жогорулатуубуз зарыл”, - деди ал.
Вице-премьер-министр 2014-жылы Өкмөт тарабынан белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков жөнүндө даректүү тасма жаратууну мерчемдегенин айтты.
“Курманжан Даткадан” кийинки экинчи мамлекеттик буйрутма бул. Учурда сценарийи жазылып, актерлорду тандоо иши жүрүп жатат”, - деди Вице-премьер-министр.
Ошондой эле, үстүбүздөгү жылы Баткен облусунда “Атын өрөөн” фестивалы өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү