26
Декабрь
Камила Талиева: Наша задача повысить экономическую активность женщин
Бүгүн, 26-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева “Кыргызстанда аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү” аталышындагы конференцияга катышты.
Өз сөзүндө Вице-премьер-министр гендердик тең укуктуулук маселесинде бир топ иштер жасалгандыгын белгилеп өттү. “Биз өнөктөштөр менен жыйынтыгында алгылыктуу иштер менен аяктаган иш-чараларды алып бардык. Натыйжада, Өкмөттүн алдында мерчемдерге бай, гендер саясатын илгерилеткен Кеңеш түзүлдү”,- деди ал.
Камила Талиева аялдардын жигердүүлүгүн айтып жатып, буларга токтолду: “Аялдардын экономикалык ишмердүүлүгүн арттыруу биздин милдет. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон 22 жылда экономикалык ишмердүүлүктөгү аялдардын саны 80 %дан 42 %га азайган. Менин баамымда мындай көрсөткүч аз. Мектеп, мектепке чейинки мекемелердин аздыгынан аялдар балдары менен үйдө отурууга мажбур болууда. Аялдардын иш менен алек болуусу үчүн мектеп, мектепке чейинки мекемелерди көбөйтүшүбүз керек. Биз Кыргызстандык аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүбүз абзел”.
Вице-премьер-министр 2014-жылга бала бакчалардын курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөнүн айтты. “Бул маселелер маал-маалы менен чечилет. 5 жылдын тегерегинде мектепке чейинки мекемелер менен 38%га кам сыздай алабыз деп айта алам. Жакында Ысык-Көл облусунда болдум. Түштөн кийин мектептер бош калат экен. Ал жерде 5-7 жаштагы балдар үчүн мектепке даярдык программасын уюштурууга болот”,- деди Камила Талиева.
Вице-премьер-министр конференцияга мындан ары да ийгиликтерди каалоо менен, өнөктөштөргө аялдардын укугу менен эркиндигин коргоодо жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“2014-жыңы жылдын алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерге чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана баардык башталыштарда ийгилик каалап кетүүгө уруксаат эиңиздер”,- деп сөзүн жыйынтыктады Камила Талиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү