10
Февраль
Камила Талиева: Необходимо разработать государственную программу поддержки детей-сирот
Бул туурасында, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева балдар үйү жана жетим балдарды турак жай менен камсыздоо маселесин талкуулаган кеңешмеде айтты.
Социалдык өнүгүү министрлиги, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Билим берүү жана илим министрликтеринин маалыматын уккан Вице-премьер-министр жетим балдар маселеси өлкөдө дагы деле чечилбей жатканын айтты.
“Жетим балдарды турак жай менен камсыздоо маселеси курч бойдон турат. Бул максатта, жетим балдарга колдоо көрсөтө тургандай, билим берүү жана ишке орноштуруу, анан албетте турак жай менен камсыздоого багытталган иш-чаралары толук жазылган мамлекеттик программаны иштеп чыгуубуз керек. Бул маселени бардык нукта, учурдагы мыйзамдарды карап чыгуу менен, каржылоо жагын, жетим балдар менен майыптардын социалдык ийкемдүүлүгүн эске алуу менен кароо абзел. Баардык мамлекеттик түзүмдөр, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сөз болгон маселе боюнча сунуш бериңиздер”, - деп жыйынтыктады Вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү