31
Январь
Камила Талиева: Необходимо в самое ближайшее время решить проблему обеспечения школ учебниками
Бүгүн, 30 январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясына катышты.
Коллегияда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн 2013-жылдагы жыйынтыгы жана 2014-жылга карата тапшырмалары боюнча баяндама жасады.
Коллегиянын жүрүшүндө Камила Талиева билим берүү системасынын көп багыттары өзүнө абдан көңүл бурууну талап кылат деди.
“Билим берүүнүн сапаты бюджеттен которулуп жаткан каражаттарды акташы керек. Мисалы, 2003 - жылы билим берүүгө 3 млрд. сом бөлүнсө, үстүбүздөгү жылга 19,4 млрд. каралган. Алардын ичинен, бөлүнгөн каражаттын 10% гана окуу процессин жакшыртууга берилген. Каржылоо өсүп жатат, ал эми сапат жок», — деди ал.
Вице-премьер-министр мектеп бирдей мектеп формасын киргизүү чечими жүйөөлүү жана маанилүү экендигин белгиледи.
«Кээ бир окуучу кыздар хиджаб кийип, кээ бири чолок шымчан мектепке барып жатканына күбөбүз. Эмне үчүн биз азыркыга чейин бирдей мектеп формасы тууралуу суроону чече албай жатабыз? Китеп менен камсыз кылуу боюнча ар кандай маалыматтар бар. Бейөкмөт уюмдары (БӨУ) китеп менен камсыз болгондордун саны 40 пайыз, министрлик 70 пайыз түзөөрүн айтууда. Китептерди колдонууга ижара акысы тууралуу суроо 2013-жылдын сентябрь айынан тарта чечилбей келет. Эгерде, чечүүнүн башка жолдору болсо, сунуштаңыздар. Канча убакыт өткөнүнө карабай бул маселе чечиле элек. Келгиле тезирээк чечим кабыл алалы. Министрликке мектеп окуучуларын окуу китептери менен толук камсыз кылууда жана бирдей форма боюнча маселени чечүүдө, колдон келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууңуздарды өтүнөм”, — деп жыйынтыктады сөзүн Вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү