14

Январь

2014

Камила Талиева определила дополнительные задачи по плану мероприятий министерства социального развития Кыргызской Республики

Бүгүн, 13-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин 2014-жылдагы иш мерчемдери талкууланган кеңешмеге катышты.

Анын жүрүшүндө социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Вице-премьер-министрге мекеменин алдыдагы мерчемдери жана милдеттери жана аны ишке ашыруу жолдору туурасында баяндады.

Маалыматты уккан Вице-премьер-министр Камила Талиева министрликте иш жүрүп жаткандыгын белгиледи. “Министрликтин стратегиясы жана аны ишке ашыруу жолдору иштелип чыгыш керек. Жакырчылыктан арылуу үчүн жөлөк пул берүү аздык кылат, жаңы жумушчу орундарын ачып, жарандарды иш менен камсыз кылуу абзел. Бул багытта ар тармактуу мамиле жасоо талапка ылайык. Антпесе, коомдо жан багуу багыты күч алат”, - деди ал.

“Балдарды коргоо, аларды асырап алуу жана фостердик үй-бүлө маселеси да көңүл сыртында калбашы керек”, - деп өзгөчө белгиледи Вице-премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгында Камила Талиева иш мерчемдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылууда жетекчинин жеке жоопкерчилиги чоң экендигин билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү