13
Февраль
Камила Талиева передала флюорографический аппарат Кеминскому ЦСМ
Бүгүн,13 февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Чүй облусундагы Кемин районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна (ҮДБ) «ПроСкан-2000» флюорографиялык аппаратын тапшырды
Камила Талиева Кемин районунда болгондо Борбордун ишмердүүлүгү, бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо шарттары менен таанышып, ошондой эле мекеменин кызматкерлер тобу менен жолугушту.
Вице-премьер-министр Өкмөт тарабынан ар кандай ооруларды алдын алуу боюнча атайын чаралар көрүлүп жаткандыгын айтты.
«Аталган аппарат кургак учук, шишик жана башка дарттарын башталуу баскычында аныктап, өз учурунда дарылоону баштаганга мүмкүндүк берет. Мындан сырткары жаңы технологиялар, эски аппараттардан айырмаланып сүрөттү пленкага чыгарбай эле, дароо монитордон көрүүгө мүмкүндүк түзөт ”,-деди ал.
Ошондой эле Камила Талиева жакынкы арада бардык медициналык мекемелер ушундай жабдуулар менен камсыз болоорун белгиледи. Мындан сырткары материалдык-техникалык базаны бекемдөөгө жана республиканын калкына тез жардам көрсөткөн саламаттыкты сактоо уюмдарын өнүктүрүү максатында Өкмөт тарабынан 85 авто унаа сатылып алынды. Аталган унаалар өлкөнүн бардык райондоруна, айрыкча тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон калктуу пункттарга бөлүштүрүлөт» — деп жыйынтыктады өз сөзүн Вице-премьер-министр.
Эске салсак, «ПроСкан-2000» 2 флюорографических аппараттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык сатылып алынган. Аппараттардын бири 7-февралда, Панфилов райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна берилген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү