22
Январь
Камила Талиева посетила Ошский государственный университет
Бүгүн, 22-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында ош мамлекеттик университетинде болду.
Камила Талиева окуу жайдын ишмердүүлүгү, окуу-методикалык базасы, китепканадагы китеп фонду менен таанышты.
Вице-премьер-министр заманбап копьютердик техника менен жабдылган класстарды көрүп, окуу процессинин жүрүшүнө катышты.
“Жаңы компьютердик технологияларды пайдалануу менен, туура иштелип чыккан жана ийгиликтүү колдонулган окуу процесси жогору дасыккан адистерди даярдоого өбөлгө болот, ал өз кезегинде кабыл алуу экзамендеринде жана сессиялардын учурунда коррупцияны төмөндөтүүгө негиз берет”, - деп белгиледи Камила Талиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү