18
Март
Камила Талиева посетила республиканское учреждение протезно-ортопедических изделий
Бүгүн, 18-мартта, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министрлигинин ортопедиялык-протез буюмдарын жасоочу республикалык мекемесине барды.
Камила Талиева мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, ортопедиялык-протез буюмдарын жасоочу цехти, майыптарды кайра калыбына келтирүүчү бөлүмдү көрүп чыгып, медициналык мекемедеги медициналык кызматкерлер жана дарылануучулар менен жолугушту.
“Сиздердин эмгегиңиздер мүчөсү толук эмес адамдар үчүн абдан маанилүү. Сиздер аларга үмүт берип, бутуна тургузуп, кадимки жашоого аралашууга шарт түзөсүздөр. Кубандырганы, өлкөнүн түштүгүндө өкүлчүлүктүн болгону. Ар бир зарыл болгон адам атайын буюм же протез алышы керек”, - деди ал.
Ортопедиялык-протез буюмдарын жасоочу республикалык мекемеге мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн колдоо тууралуу айтып жатып вице-премьер-министр Өкмөт тарабынан белгилүү иштер жасалганын билдирди. “Биз тамак ашка болгон каражатты 45 сомдон 100 сомго чейин көтөрдүк, эми 150 сомго жогорулатууну кароодобуз. Ошондой эле, аталган мекеменин материалдык-техникалык базасын жакшыртабыз”, - деди Камила Талиева.
“Сыркоолукту ойлоп, кайгыга чөкпөңүздөр, сиздер мамлекетке керексиздер, а мамлекет сиздерге муктаж”, - деди Камила Талиева мекемеде дарыланып жаткандарга кайрылып.
Вице-премьер-министр жолугушуунун соңунда чогулгандарды Нооруз майрамы менен куттуктап, чын ден-соолук каалап, белек тапшырды.
Маалымат:
Ортопедиялык-протез буюмдарын жасоочу республикалык мекеме 1942-жылы Фрунзе шаарында Семашко атындагы Москва заводунун демилгеси менен түзүлгөн жана согушка катышкан кыргызстандыктарга протез даярдоо милдетин аткарган.
Алгач баштаганда чеберкана, кийин ишканага, заводго, борборго чейин өсүп жеткен, андан соң, мекеме ишин бир да күн токтоткон эмес.
Ишкананын Ош шаарында бөлүмү бар жана ал республиканын түштүгүндөгү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлейт.
Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн Кыргызстандын алыскы райондорунда: Нарын, Балыкчы, Баткен, Өзгөн, Бакай-Ата жана Жалал-Абад шаарларында ортопедиялык-протез майда оңдоо иштерин жүргүзүүчү мастерскойлор ачылган.
Мекеменин негизги максаты:
- Таканчык-кыймыл мүчөлөрүнөн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ортопедиялык-протез буюмдарын даректүү камсыздоо;
- Протездөө технологиясын жакшыртуу.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү