26
Декабрь
Камила Талиева поздравила детей-сирот и матерей-одиночек с Новым годом
Бүгүн, 26-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева 2014-жаңы жылына карата Кыргызстандагы “Human Appeal Internationa lU.A.E” Эл аралык гуманитардык фонду тарабынан уюштурулган “Камкорчулук программасы – жалгыз бой энелерге материалдык-техникалык жардам” аталышындагы кайрымдуулук иш-чарасына катышты.
Вице-премьер-министр катышуучуларды 2014-Жаңы жылы менен куттуктап, аларга чын ден-соолук, ийгилик жана өркүндөп-өсүү каалады.
Камила Талиева компаниянын өкүлдөрү менен бирге жетим балдарга, ата-энесинин кароосуз калган балдарга жана жалгыз бой энелерге жаңы жылдык белектерди тартуулады.
Ошондой эле, Вице-премьер-министр аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жалгыз бой энелерге муздаткыч, газ плитасы, кир жуучу машина, жылыткыч жана көмүр алуу үчүн сертификаттарды тапшырды.
Бул иш-чара Кыргызстандагы “Human Appeal Internationa lU.A.E” фондунун кеңсесинде өттү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү