27

Декабрь

2013

Камила Талиева приняла Президента Всемирной ассамблеи молодежи Саида Баюми

Бүгүн, 27-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Жаштардын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын Президенти Саид Баюмини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Камила Талиева мамлекеттин социалдык-экономикалык өсүшүнө маанилүү салым кошкондугу, ошондой эле, кайрымдуулук максатындагы жардамдары үчүн Саид Баюмиге ыраазычылык билдирди.

Тараптар өлкөдөгү билим берүү мекемелерин куруу иштеринин жүрүшү тууралуу сөз кылышты жана 2014-жылдын январь айында биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзүү багыттарын талкуулашты.

Маалымат:

“Жаштардын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы” коомдук бирикмеси 1974-жылы Сауд Аравиясынын ханы Файсал ибн Абдулазиз тарабынан түзүлгөн.

Бирикменин негизги максаты – дүйнөнүн баардык булуң-бурчундагы жардамга муктаж адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүү. Кийин аталган уюм башкы катчы Салих аль-Ухиббинин жетекчилиги менен ишмердүүлүгү кеңейтилген жана дүйнөнүн 75 мамлекетинде өкүлчүлүктөрү ачылган. Борбордук Азияда Жаштардын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясынын өкүлчүлүгү Кыргызстанда гана бар. Анын кеңсеси 2000-жылы Бишкекте ачылган.

Жаштардын Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы калкты таза суу менен камсыздоодо кайтарымсыз жардам көрсөттү. Бөлүнгөн каражатка Кыргызстандын бир катар аймактарында 680 скважина бургуланып, 450 тереңдетилген насостор орнотулган.

Уюм 1006 жетим баланы камкордукка алууга милдеттенме алган. Аларга ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул төлөп турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы социалдык камсыздоо агенттигинин тизмесине ылайык, муктаж болгон майыптарга 500 коляска жана азиздерге 200 аса таяк берилген.

Учурда уюм тарабынан Баткен облусунда 5, Талас жана Чүй облустарында 2 билим берүү мекемелери курулган. Алардын баардыгы 250 окуучулук орунга эсептелген жана бүгүнкү күндө бул мектептер ишке берилген. Кыргыз Республикасы боюнча жалпысынан 22 мектептин курулушу жүрүп, дагы алтысы курулууда.

Жыл сайын аталган уюм 10 млн. доллар көлөмүндөгү акча каражатын кайрымдуулук максатына жумшайт. Ал өз кезегинде Кыргыз Республикасынын өнүгүшү үчүн чоң салым катары бааланууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү