12

Март

2014

Камила Талиева приняла участие в мероприятиях в рамках «Года Токтогула Сатылганова»

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева ТЮРКСОЙ уюму тарабынан жарыяланган “Токтогул Сатылганов жылы” алкагында өтүп жаткан жана кыргыз поэзиясы менен салттуу эпосунун чыгаан өкүлү Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

150 жылдык юбилей салтанатынын алкагында Түрк Республикасында Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын “Камбаркан” фольклордук тобунун концерти болуп, Токтогул Сатылгановдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган көркөм көргөзмө, даректүү тасма көрсөтүлдү.

Үстүбүздөгү жылы ТЮРКСОЙ мүчө-мамлекеттеринде Т.Сатылгановдун туулгандыгынын 150 жылдыгына арналган ар кандай иш-чаралардын өтүлүшү мерчемделүүдө. Бул иш-чаралар бүтүндөй түрк  дүйнөсүнүн  руханий байлыгы болгон, улуу кыргыз акынынын чыгармачылыгын даңазалоо жана сактап калуу максатында өтүп жатат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү