11
Февраль
Камила Талиева приняла участие в работе коллегии полномочного представительства Правительства в Джалал-Абадской области
Бүгүн, 11-февралда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын ишине катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө аймактын 2013-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылга карата мерчемдери талкууланды.
Коллегияда негизги баяндаманы Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева жасады.
Вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн жигерлештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
“2014-жылы бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек жана токтоп турган ишканаларды кайра жандандырып, экономиканын өсүшүн камсыздоого тийишпиз. Биз мындай жетишкендиктерге акимдер менен облустук деңгээлдеги жетекчилердин жөнгө салынган иши менен жетише алабыз”, - деди ал.
Калктын пенсия жана жөлөк пул менен камсыздалышы тууралуу маселени талкуулап жатып, Камила Талиева аймакта жакырчылык 4,2 пайызга азайганын белгиледи.
“101 320 бааргерге пенсия толугу менен төлөнүп берилди. Жалал-Абаддын мыкты дараметин туура пайдаланса пенсия да, жөлөк пул да жогорулайт, балдар менен эненин өлүмү да азаят, миграциянын агымы да токтоп, жумушчу орун менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү бар”, - деп жыйынтыктады Вице-премьер-министр.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү