24

Декабрь

2013

Камила Талиева приняла участие в работе заседания комиссии по регулированию социально-трудовых отношений

Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева республикалык социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча үч тараптуу комиссиясынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө калктын жумушсуз катмарына жумуш менен камсыз болуусуна жардам берүү, эсептөө көрсөткүчтөрүнүн көлөмүн жогорулатуу, төмөнкү эмгек акыны минималдык жашоо тиричилигинин деңгээлине жеткизүү, эмгек маянанын 0,25%ын кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо фондуна которуу маселелери талкууланды.

“Кыргыз Республикасында эмгек мамилелериндеги социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Өкмөт, Кыргызстан профсоюздар федерациясы, республикалык жумуш берүүчүлөр уюму тарабынан 2013-2015-жылдарга социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу принциптерин белгилөөчү Башкы келишим түзүлгөн.

Бул Башкы келишим Кыргыз Республикасында эмгек мамилелеринде социалдык өнөктөштүктүн системасын жана механизмдерин өнүктүрүү боюнча алкактык документ болуп саналат. Аталган документте экономика, эмгек акысын жана социалдык камсыздандырууну жөнгө салуу, эмгек рыногунун өнүгүшү жана элди эмгек менен камсыз кылуу, эмгек укуктарынын корголушу, эмгектин корголушу жана экологиялык коопсуздук, кызматкерлер жана алардын үй-бүлөсүнүн шартын жакшыртуу, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери камтылган.

Маалымат:

Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүктүн органы. Комиссия тараптардын теңдештик принциби жана тең укуктуулугунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана иш берүүчүлөр коомунун өкүлдөрүнөн куралган.

Комиссиянын негизги максаты жана милдети - мамлекеттик органдардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарынын келишиши, социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салууда башкы принциптерди иштеп чыгууда профсоюздардын жана республикалык жумуш берүүчүлөрдүн биригүүсү, алардын тең укуктуу кызматташтыгын камсыздоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, социалдык саясаттын негизги багыттары боюнча Тараптардын көз караштарынын келишүүсү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү