23
Январь
Камила Талиева приняла участие в совещании ректоров ВУЗов республики
Бүгүн, 22-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева Ош облусундагы иш сапарынын алкагында республиканын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун катышуусунда өткөн кеңешмеге катышты.
Жолугушууну ачып жатып Камила Талиева жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) билим берүү системасында коррупциялык процесстерди жоюуга багытталган мерчемдүү кадам экендигин белгиледи.
“Анткен менен мезгил чындыгы ЖРТны дагы жакшыртуу керек экендигин далилдеди. ЖОЖдордун ректорлору бул багытта сунуш берсеңиздер. Ошондой эле жогорку окуу жайларындагы студенттерди окутуу ишине, профессордук-окутуучулук түзүмдүн кесиптик чеберчилигине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул маселеге байланыштуу бир топ сын-пикирлер бар”, - деди Вице-премьер-министр.
Камила Талиева оптимизация маселесине кайрылып, сандан сапатка өтүү керек экендигин дагы бир жолу эскертти. “Биз бул маселени ар тараптуу жана комплекстүү кароого тийишпиз. Учурда ОшМУда кеминде 26 мамлекеттин өкүлү окуйт. IT-технологиясын пайдалануу менен студенттерди заманбап окутуу жана билим берүү сапатын жакшыртуу багытында башка ЖОЖдорго жайылтууга боло турган мүмкүнчүлүктөр бар”, - деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү