20

Декабрь

2013

Камила Талиева приняла участие в заседании коллегии Министерства здравоохранения

Бүгүн, 20-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева саламаттык сактоо тармагындагы мекемелердин 2013-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2014-жылга карата иш мерчеми туурасындагы Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты.

Коллегияда саламаттык сактоо мекемелерин текшерүүнүн жыйынтыгы, кечиктирилгис медициналык жардамдын сапаты  туурасында маселелер каралды.

Ошондой эле, Вице-премьер-министр Улуттук хирургия борборунун кабыл алуу бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жана медициналык калдыктарды жок кылуу жолдору менен таанышып, HD форматындагы жаңы жабдуу менен  лапароскопиялык операция жасоо ыкмаларын көрүп чыкты.

“Учурда саламаттык сактоо тармагы баардык медициналык кызматкерлердин башын бириктирип, комплекстүү мамлекеттик мамилени талап кылат”, -деди ал.

ВИЧ дартына чалдыккандардын өсүп жаткандыгын козгогон Вице-премьер-министр республикалык СПИД борборунун мүдүрү Үмүт Чокморованын ишин сынга алды. “Бүгүн биздин баамыбызда бул дартка чалдыккандардын саны азайган жок, тескерисинче көбөйүүдө, өзгөчө жаштар арасында. Мындай темп менен жүрүп отурсак, кырдаал коркунуч жараткан деңгээлге жетет”,- деген Камила Талиева медициналык кызматкерлерге аталган оорунун алдын алуу багытында ишти күчөтүүнү тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү