14

Февраль

2014

Камила Талиева провела заседание по решению проблемных вопросов этнических кыргызов

Бүгүн, 13 февралда,  Вице-премьер-министр Камила Талиева этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүү  маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Министрликтердин жана мекеме жетекчилеринин  маалыматын уккан Вице-премьер-министр этникалык кыргыздардын иммиграциясында мамлекеттик саясатты жүргүзүү керектигине көңүл бурду.«Тилекке каршы, бүгүнкү күндө  кызыктармамлекеттикжана жергиликтүү органдар, ошондой эле иммигранттар ортосунда  ич ара тыгыз байланыш жок. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин   жогоруда  айтылган багытта  ишти күчөтүү менен бирге координациялаган орган болууңуздарды  өтүнөм», —деди К.Талиева.

 Вице-премьер-министр этникалык кыргыздардын укуктарын жөнгө салуу маселесин жеткиликтүү кылып,  ошондой эле этникалык кыргыздардын мекенине кайра кайтып келүү процессин  ишке кирген мыйзамы менен жөнгө салуу керек экендигин белгиледи.

«Башкы  көйгөйлөрдүнбири катары жарандык  статусуна ылайык  документтерди  алуу айтылды. Мындан сырткары  изилдөөлөркөрсөткөндөй биздин өлкөдө жашаган этникалык  кыргыздар өзүлөрүнүн укуктарын билишпейт. Жогорудагыларды эске алуу менен  жер, паспорт жана башка документтерди, ошондой эле ЖОЖдордо билим алуу, пенсия жана социалдык камсыздандыруу  маселелери боюнча  түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнөм», —деп белгиледи  Вице-премьер-министр.

Жыйындын жыйынтыгы менен    Вице-премьер-министр ушул маселелер боюнча иш алып барган  мамлекеттик органдарга  бир катар  тапшырмаларды берди.

   

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү