17
Декабрь
Камила Талиева провела заседание рабочей группы по подготовке Концепции по предмету «Культура и история религии»
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева мектепте жаңы окутула турган “Диндердин тарыхы жана маданияты” сабагы боюнча Концепцияны даярдоочу жумушчу топ менен кеңешме өткөрдү.
Жумушчу топ аталган сабакты 5-11-класстардын мектеп программасына факультатив катары киргизүүнү сунуштоодо.
Эксперт Кадыр Маликов учурдагы коомдо үй-бүлөдө кылымдар бою калыптанган таалим-тарбиялык баалуулуктар жана салттарды жок кылууга тымызын аракет кылган күчтөрдүн таасири болуп жаткан геосаясий кырдаалда бул сабактын зарыл экендигин билдирди.
Вице-премьер-министр Камила Талиева жалпысынан жумушчу топтун аткарган ишине канааттандыраарлык баа берди. Ошондой эле, ал бул сабактын орчундуу экендигин жана өсүп келе жаткан муунга кыргыз тарыхы, анын каада-салты жана үрп-адаты менен тааныштырууда кошумча каражат болоорун айтты.
“Биз бул маселеге комплекстүү мамиле кылуубуз абзел, окуу программасын иштеп чыгып, окуу китебин басып чыгарууга кам көрүшүбүз керек. Жумушчу топ тарабынан сунушталган баардык сунуштар кеңири талкууга коюлат. Мына ушундан кийин гана чечим чыгарабыз”, - деди Камила Талиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү