22
Январь
Камила Талиева реформа системы медико-социальной экспертизы будет проведена в три этапа
Бүгүн, 21-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева медико - социалдык экспертиза (МСЭК) системасындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар маселесине байланышкан жыйын өткөрдү.
Вице-премьер-министрдин белгилөөсү боюнча, МСЭК системасын өзгөртүү жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык көмөк көрсөтүү, бүгүнкү күндүн жүйөлүү жана жигердүү маселелеринин бири.
“ Өлкө боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны жалпысынан 2,7 пайызды, башкача айтканда, 144 миң 892 адамды түзөт. Эгерде 1990-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жалпы саны 1,3 пайызды түзсө, ал эми бүгүнкү күндө 2,7. Майып адамдарга мамлекет тарабынан баардык жардамдар көрсөтүлүүдө. Бул максатта 2013-жылы 1,9 миллиард сом бөлүнүп берилсе, 2014-жылга 2 миллиарддан ашуун каражат бөлүп берүү каралууда”- деди Камила Талиева.
Вице-премьер-министр жыйындын жүрүшүндө, МСЭК системасын туруктуу колдоо жана натыйжада социалдык- экономикалык терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн, МСЭК мамлекеттик системасын жакшыртуу реформасы үч баскычта жүргүзүлөөрүн айтты.
Биринчи баскычта (2014-2015-жылдарда) МСЭК мамлекеттик системасын жаңыртуу үчүн, негизги мыйзамдарды, нормативдүү укуктук актыларды, окуу куралдарын иштеп чыгуу каралат.
Экинчи баскычта (2015-2016-жылдарда) МСЭК системасында коррупцияны түп тамырынан жоюу максатында толук масштабдуу иш чаралар өткөрүлөт.
Ал эми үчүнчү баскычта (2016-2017-жылдарда) нормативдик укук актыларында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык алакалашуу боюнча өзгөртүүлөр жүргүзүлөт.
«Майыптуулукту алууда жарандар тарабынан нааразычылыктар көп болууда. МСЭК системасынын иш алып баруусунда толугу менен коррупцияга малынган. Социалдык өнүктүрүү Министрлиги аталган көйгөйлөрдү чечүүдө кылдаттык менен иш алып баруусу зарыл», — деди Камила Талиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү