24
Январь
Камила Талиева: Реформирование пенсионной системы сельских товаропроизводителей и лиц, занятых индивидуальной трудовой деятельностью, является актуальным и важным вопросом
Бүгүн, 23-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын төрагалыгы менен өз алдынча ишмердүүлүк жүргүзгөн, элеттик товар өндүрүүчүлөрдүн социалдык камсыздандырылышы, пенсиялык системасын реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу комиссиянын экинчи отуруму болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевдин маалыматынан кийин Камила Талиева аталган маселе жигердүү жана маанилүү экендигин белгиледи.
“Бүгүн айтылган баардык сунуштар тыкыр иликтенет. Биз биринчи кезекте элеттик товар өндүрүүчүлөр менен фермерлер келечекте пенсия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгудай чечимдерди кабыл алышыбыз керек”, - деди Вице-премьер-министр.
Кеңешмеде Социалдык фонддун ишмердүүлүгү да талкууланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү