30

Декабрь

2013

Камила Талиева вручила премии журналистам, победившим в конкурсе на лучшее освещение деятельности сельских женщин.

Бүгүн, 30-декабрда, Өкмөт үйүндө жалпы республикалык сынакта элеттик аялдардын ишмердүүлүгүн мыкты чагылдырган жеңүүчү журналисттерге сыйлык тапшырды.

Өз сөзүндө Вице-премьер-министр Камила Талиева сынактын башкы максаты – элеттик аялдардын өлкөнүн экономикасына кошкон салымын көрсөтүү экендигин баса белгиледи.

“Бүгүн биз сынактын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү куттуктап жатабыз. Өкмөт мындай сынактарды жылыга өткөрүүнү мерчемдейт. Урматтуу журналисттер, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн  сиздерге ыраазычылык билдирүүгө уруксаат этиңиздер.  Жаңы кирип келген 2014-жылдын алдында сиздерге чың ден-соолук, түгөнгүс күч-кубат, тынчтык, бакубат жашоо каалайм”, -деди Вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, сынак 2013-жылдын 1-октябрынан 1-декабрына чейин өткөн.

Комиссиянын чечими менен сынакка катышкандардын эч кимисине биринчи орун ыйгарылган эмес. Мындай чечим, сынакка коюлган эмгектердин бири да талапка жооп бербегендиги менен аныкталган. I орун үчүн берилүүчү сыйлык сынакка эмгектери келип түшкөн бир нече авторлор ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Добуштардын жыйынтыгы менен экинчи орун төмөндөгүлөргө ыйгарылган:

    “Асылзат” программасындагы уктуруулардын сериясы үчүн, КТРК “Биринчи радио” кабарчысы Сайра Батыркуловага;

-           “Элеттик аялдардын социалдык көйгөйлөрү” көрсөтүүсү үчүн КТРК “Ой Ордо” ток-шоу программасынын башкы редактору Көкүл Ариповага;

-          Макалалар жыйнагы үчүн “Слово Кыргызстана” гезитинин кабарчысы Кифаят Аскеровага;

Ар бир катышуучу 60 миң сом байгеге татыктуу болду.

Үчүнчү орун төмөндөгү журналисттерге берилген:

    -  Макалалар жыйнагы үчүн “Кыргыз туусу” гезитинин кабарчысы Нарынкүл Назаралиевага;

    -    “Чүй баяны” гезитинин башкы редактору Антонина Блиндинага;

Эки журналисттин ар бири 30 миң сомдон сыйлык алышты.

Ошондой эле, республикалык жана облустук ММКнын бир катар журналисттери 10 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыкка татыктуу болушту.

Сынактын байге фонду 300 миң сом.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү