29

Январь

2014

Камила Талиева встретилась с руководителями центральных и региональных СМИ

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева борбордук жана облустук мамлекеттик телерадиокомпаниялардын жетекчилери жана республикалык, аймактык гезиттердин башкы редакторлору менен жолугушту.

Жолугушууда аймактардагы ММК көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору талкууланды.

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев министрликтин ММК менен иш алып баруу мерчемдерине токтолду.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө ММКнын мамлекет менен коомчулуктун турмушунда  өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты.

“ММК – мамлекеттин төртүнчү бийлиги жана анын ишмердүүлүгүнөн коомдук-саясий кырдаал көз каранды. Себеби аймактын тургундары дүйнөдө, өлкөдө болуп жаткан маалыматтарды гезит, радио, телекөрсөтүү аркылуу гана алат. Тилекке каршы, айрым райондордо, өзгөчө түштүктө биздин жарандар Өзбек тилиндеги көрсөтүүлөрдү көрүп, гезиттерин окуйт. Алардын көптөгөн телесериалдары тарбиялык мүнөзгө ээ, а биздечи? Биздин идеология кайда? Эмне үчүн биз Кыргызстанда ушундай эле тарбиялык мүнөздөгү телесериалдарды тартып көрсөтө албайбыз”, - деди ал.

Вице-премьер-министр жолугушууда гезит, журналдар жана башка ММКларды анализдөөнү тапшырды.

“Мен бир катар гезиттерди барактап көрүп, анда жазылгандар студенттердин рефераттарына окшоп, чындыктан өтө алыс экенин баамдадым. Министрлик бул маселенин үстүндө тыкыр иштөөсү керек”, - деди Камила Талиева.

Кеңешмеде айрым облустук жана райондук ММК жетекчилери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыраазычылык баракчасына ээ болушту, айрымдары Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасынын ээси болушту.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү