29
Январь
Камила Талиева: Я рада видеть, что молодежь, несмотря на широкое развитие интернета, читает книги
Бүгүн, 29 январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева К.Баялинов атындагы Республикалык жаш балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын китептер фонду менен таанышып, компютердик жана окуу залдарын, ошондой эле кызматкерлердин иш шарттарын көрүп чыкты.
Вице-премьер-министр китепканын окуу залы менен таанышып жаткан учурда, интернеттин кеңири тарагандыгына карабай, жаштардын китеп окугандыгы аны кубандыргандыгын айтты.
«К.Баялинов атындагы китепкананын Фонду абдан чоң жана ар түрдүү. Тилекке каршы, башкалары, өзгөчө аймактардагы китепканаларда китептер эскиргендиктен, алардын абалы көңүл жылытаарлык эмес. 2013-жылы түзүлгөн Кыргыз жазуучулардын Фонду жаны китептерди басып чыгаруу менен бирге, китеп сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырат деп ойлойм», — деди Камила Талиева.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү