02

Октябрь

2013

(Кыргызча) Камила Талиева: Жасаган иштерин андан ары улантууга татыктуу болгон улуу адамдын гана элесин түбөлүккө калтырсак, келечегибиз үчүн кам көргөн болот элек

Бүгүн, 1-октябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Комиссиянын отуруму болуп өттү.

Вице-премьер-министр айрым адамдардын ата-бабаларынын мамлекет үчүн, эл үчүн кылган кызматынын канчалык масштабда экендигин эсепке албай эле бир катар мектептердин, көчөлөрдүн аттары туура эмес берилип келгендигин баса көрсөтүп, күн тартибине коюлган маселелер боюнча комиссиянын туура чечим чыгаруусун өтүндү. “Бул маселе келечек үчүн абдан маанилүү. Анткени, таза, билимдүү, коом үчүн чыныгы ак эмгек өтөгөн, жасаган иштерин андан ары улантууга татыктуу болгон улуу адамдын гана элесин түбөлүккө калтырсак, келечегибиз үчүн кам көргөн болот элек”,- деди Камила Талиева.

Комиссия кароосуна киргизилген тийиштүү документтерди карап жана талкуулап чыгып чечим чыгарды. Ага ылайык, Бишкек шаарындагы Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверге актрисанын бюсту орнотулуп, Эркиндик бульварына Кыргыз ССРинин эл акыны Кубанычбек Маликовдун бюсту коюулса, калаадагы №63 мектеп-гимназиясына Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун ысмы ыйгарылмай болду.

Ошондой эле, комиссия маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көчө жактагы тарабына Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Иманалы Айдарбековдун эстелигин орнотуу боюнча архитектуралык талаптарды карап чыкмай болду. Ал эми Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан, коомдук жана мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун эстелигиндеги мемориалдык жазуу “Насирдин Исанов-Кыргыз Республикасынын биринчи Премьер-министри” деген жазуу менен алмаштырылат. Мындай сунуш ишмердин үй-бүлөсүнүн комиссияга кайрылуусун канааттандыруу максатында аткарылды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү