18
Сентябрь
2015
Өкмөт Туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясындагы долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулады
Бүгүн, 17-сентябрдагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жумушчу жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдардагы Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында улуттук долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселе каралды. Премьер-министр Темир Сариев бул долбоорлор Кыргызстандын өнүгүү багытын аныктарын белгилеп, өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин билдирди.
Премьер-министрдин айтымында, Туруктуу өнүгүү стратегиясында агро өнөр жай комплекси, энергетика, транспорт жана коммуникация, тоо кен жана өндүрүш-логистикалык тармактагы 77 улуттук долбоорду ишке ашыруу каралган. 2013-жылдын январь айынан 2015-жылдын сентябр айына чейин 690 миллион АКШ долларына эсептелген 17 долбоор аткарылды. Учурда 1 миллиард 59 миллион долларга каралган 38 долбоор ишке ашырылып жатса, 382, 4 миллион доллардан каражатка 4 долбоорду ишке ашырууга даярдык көрүлүп жатат.
Темир Сариев 2835,9 миллион долларга эсептелген 18 долбоор учурда баштала электигин маалымдап, бул долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
“Биз Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган 77 улуттук долбоорду ишке ашырыбыз керек. Ал өлкөбүздүн өнүгүү багыттарын аныктап, кубаттуулугун артыруудагы мааниси чоң”-деди Темир Сариев.
Жыйындын жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор жана азыркы учурга чейин аткарыла элек долбоорлор ишке ашыруу боюнча тиешелүү министрликтер маалымат берди.
Айыл чарба жана мелориация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, агро өнөр жай комплекси тармагында 24 долбоор каралса, анын ичинен 36,95 миллион долларга эсептелген 7 долбоор бүткөрүлүп, дагы 7 долбоор ишке ашырылууда.
Премьер-министр Темир Сариев Туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, жыл сайын өлкө аймагында 10 миң гектар жерге сугат суу менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлганын эскертип, бул жаатта ишти активдештирүүгө чакырды.
Ал эми энергетика тармагында 16 долбоор каралса азыркы тапта 563,4 миллион долларга эсептелген 5 долбоор ишке ашырылды, учурда 293, 91 миллион долларлык 11 долбоор ишке ашырылып жатат. Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев булардын арасында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу, Бишкек жылуулук борборун модеринизациялоо, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо сыяктуу долбоорлордун каражаты табылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Транспорт жана коммуникация тармагында 17 долбоор пландалып, учурда 90, 6 миллион долларга эсептелген 5 долбоор аяктады. Ал эми 470 миллион долларга каралган 11 долбоор ишке ашыруу стадиясында. Алардын арасында Тараз-Талас-Суусамыр, Бишкек-Нарын-Торугарт, Ош-Баткен-Исфана ж.б жолдорун реаблитациялоо, Түндүк-түштүк альтеративалуу жолун куруу сыяктуу долбоор камтылган.
Жыйында Темир Сариев улуттук долбоорлорду ише ашырууга жооптуу болгон бардык министрликтерге 15 күндүк мөөнөттө ар бир долбоор боюнча маалымат жана айрым маселелерди чечүү боюнча сунуштарды берүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 63593,63594,63595,63596,63597,63598,63599,63600,63601,63602" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү