29
Март
2016
Өкмөт Унгар-Тоо боюнча өкмөттүн жасалма протоколунун таратылышын абсурд жана кезектеги “бекназаровдук” чагым деп атады
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Унгар-Тоо боюнча өкмөттүн протоколу деп жасалма көчүрмөнүн социалдык тармактарда таратылышын кезектеги “бекназаровдук” чагым деп билдирет.
Социалдык тармактарда Өкмөт Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Унгар-Тоонун башка өлкөгө таандык деп тааныды делген Азимбек Бекназаров ойлоп чыгарган жалган маалымат таратылууда. Мындай абсурддук маалыматтын таратылышы азыркы учурда айрым адамдардын чек аралар боюнча аяр маселени колдонуу менен Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирип жатканына карабай, саясий капитал топтоого болгон ачыктан-ачык чагымы деп атоого болот.
Мурдадан жарыялангандай, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри же расмий өкүл мындай документке кол койгон эмес. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Аксы районуна иш сапарынын жүрүшүндө айткандай, “ӨЛКӨНҮН БИР сантиметр жери да, башка өлкөгө берилбейт”.
Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процессинин жыйынтыгында, анын ичинде Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик органдардын мыйзамда көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн ортосундагы келишим, жана өлкө ичиндеги процедуралардын негизинде абдан иштер менен коштолушу керек.
Буга чейин расмий маалымдалгандай, Өкмөт маалыматтык коопсуздук чараларын күчөтүү жана Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун калкын туруктуу жана сапаттуу санариптик электрондук байланыш менен камсыз кылуу максатында Аксы районунда кошумча РРС станциясын куруу боюнча тапшырма берген. Өкмөт бул жааттагы пландуу ишин улантат. Өлкөнүн чек ара маселелерин чечүүдө өтө кылдат, жоопкерчиликтүү жана таразаланган мамилени талап кылынаарын эске алуу зарыл.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү чек ара жана коопсуздук маселелери боюнча маалыматтарга жоопкерчиликтүү жана этият мамиле кылууга чакырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү