31

Март

2016

Өкмөт Жогорку Кеңеште инвестиция тартуу жаатындагы аткарылган иштер тууралуу маалымат берүүдө

Бүгүн, 31-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү инвестиция тартуу жана коргоо, ишкерликти, өндүрүштү өнүктүрүү жана тышкы базарга чыгарууга шарт түзүү жаатында аткарылып жаткан иштер боюнча Жогорку Кеңештин «Өкмөттүк күндүн» жыйынына катышты. Премьер-министр Темир Сариев жыйындын күн тартибине талкууланып жаткан маселелер өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, бул багыттар Жогорку Кеңеш бекиткен “Туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясынын” негизинде даярдалган Өкмөттүн “Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” аттуу программасынын негизги приоритеттери экенин билдирди. Темир Сариев Жогорку Кеңештин депуттарына өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, 2015-жыл дүйнөлүк экономикада биржалык товарларга баанын түшүшү, биржалык индекстердин төмөндөшү, көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭС) мүчө мамлекеттерде экономиканын өнүгүүсү басаңдашы менен коштолгон. «Болгон кыйынчылыктарга карабай 2015-жылы Кыргызстандын экономиканын өсүү деңгээли ЕАЭСке кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, 3,5%ды, ал эми инфляциянын деңгээли эң төмөнкү 3,4%ды түздү»-деди Темир Сариев. Премьер-министр экономиканын өсүшү басаңдаган жана биржалык товарлардын баасы төмөндөгөн учурда дүйнөлүк базарда өндүрүштүк мамлекеттердин ортосундагы атаандаштык күчөрүн кошумчалады. «Инвестициянын ролу жогорулап, мааниси тереңдейт. Тышкы экономикалык факторлорго карабай, 2015-жылы Кыргызстанда тике инвестициянын көлөмү 2014-жылга салыштырганда 12,6%га көбөйүп, 818,8 млн долларды түздү. 2015-жылы негизги капиталга инвестициянын көлөмү 128 млрд. сомду түздү. Бул 2010-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү»-деди Темир Сариев. Премьер-министр өткөн жылы биз эки ири кен: Жерүй жана Тереккан Перевальное кендери боюнча жалпы суммасы 7,5 млрд. сомдук (120 млн. доллардык) конкурсту ийгиликтүү өткөрүлгөнүн маалымдады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү