25

Июль

2015

Өкмөттүк жыйында жакынкы он жылдыктагы өлкөнүн билим берүү тармагын жакшыртуу долбоору сунушталды

Бүгүн, 24-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Анда 2015-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коопсуз мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары тууралуу долбоор сунушталды.

Бул багытта билим берүү жана илим министрлиги бир айлык мөөнөттө программаны ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын иштеп чыгып, Өкмөттүн Аппаратына киргизиши керек. Ал эми Каржы министрлиги жыл сайын республикалык бюджетти түзүүдө билим берүү бөлүмү боюнча “Капиталдык салымдар” беренесинин алкагында программаны ишке ашырууга каржылоону караштырышы зарыл.

Долбоорду ишке ашырууда КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Тышкы иштер министрлиги, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте программаны кошумча эл аралык кредиттик жана донорлук уюмдардын каражаттарын тартуу менен иш алып барышы керек.

Республиканын аймагы 8-9 баллга сейсмикалык жактан жогорку активдүү зонага кирет. Жалпы республика боюнча 74 калктуу конуштар 9 баллдан жогорку жер титирөө боло турган зоналардын катарында турат. Анын катарына 25 шаар жана 49 айылдык аймак кирет.

Мындан сырткары калк жыш жайгашкан 27 аймакта инженердик-геологиялык жагымсыз шарттар (жер астындагы суулардын жогорку деңгээли, татаал рельеф, тектоникалык сыныктар) орун алган. Бишкек шаарынын 30 % аймагы ушундай шартта жайгашкан. Көрсөтүлгөн кооптуу аймактарда калктын 63% башкача айтканда 3 млн ашык эл жашайт.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2009-жылдан бери өлкөдө 2,5 миңден ашык 7 баллдан өткөн жер титирөө катталган.

Бул багытта КР билим берүү жана илим министри Өкмөттүк жыйында маалымат берип, “Мектеп окуучулары жана мектепке чейинки бала-бакчаларда коопсуздук жагын толук камсыз кылган чараларды көрүшүбүз керек. Көп жылдан бери республикадагы билим берүү тармагында алгылыктуу оңдоп-түзөөлөр болбогондуктан, азыркы тапта имараттардын дээрлик бардыгы капиталдык оңдоого муктаж. 2024-жылга чейин билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында балдардын толук кандуу билим алуусуна мыкты мүмкүнчүлүктөр болушу кажет”,- деп кошумчалады министр.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева “Мектептерди куруу мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигине жүктөлгөндүктөн, алар кээде ишти так аткарбай, натыйжада мектеп мурдагы абалына кептелип жатканын ачыктады. “Мисалы, былтыр Нарын облусунун Ак-Жар айылында жаңы мектеп салынып, ал бир жылдан кийип урап калган. Окуучулар бир жыл бою Нарындагы жеке үйлөрдө билим алууга аргасыз болгон. Жоопкерчилик жагы билим берүү жана илим министрлигине жүктөлүп калган. Андыктан ар бир тарап өз ишин так аткарса, иш натыйжалуу болмок эле”, - деди ал.

Мектептерди оңдоодо 40% мамлекеттик, 60% жергиликтүү жана эл аралык каражаттын эсебинен бүткөрүү пландалган. Азыркы тапта республика боюнча 3 миңден ашык билим берүү мекемелери оңдоого муктаж.

Бул багытта Өкмөттүк жыйындын соңунда Премьер-министр сөз сүйлөп, балдардын коопсуздугу үчүн Өкмөт болгон аракетин жумшап, коопсуздук чаралары толук камсыздалышы керектигин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго эскертти.

КР Өкмɵтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бɵлүмү