24
Декабрь
«Өкмөттүн астында абдан катуу амбициялык пландар бар, аны ишке ашыруу үчүн өлкөдө туруктуулук, тартип жана мыйзамдуулук болушу керек»
Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында, өлкөнүн 2016-жылга карата түзүлгөн бюджети тууралуу маалымат берип жатып билдирди.
Анда КР Премьер-министри Темир Сариев 2016-жылдагы бюджеттин олуттуу бөлүмдөрүнө токтолуп, мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөрүүлөр, алдыга жылуулар менен катар, талаптар да катуу коюлганын айтып өттү.
«Бюджеттин киреше бөлүгүнө быйыл «Бозумчак» кени киргенин, эмдиги жылы «Кумтөр» нормага чыгып, «Алтын-Кен» кошуларын жана «Иштамберди» кенинен 100 млн АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция болору күтүлүп жатат»,-деди Темир Сариев.
Премьер-министр аны менен катар Кара-Балтадагы, Токмоктогу жана Жалал-Абаддагы нефти заводдору иштей турганын айтып өттү.
Белгилүү болгондой, 2016-жылы республикадагы жолдорго 17 млрд сом инвестиция сарпталат. Анын ичинде Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун экинчи фазасы башталат. Буга катар Бишкек-Нарын-Торугарт, Маданият, Кара-Балта-Бишкек, Ош-Баткен-Исфана жолдорун куруу планы бар.
Мындан тышкары, ири долбоорлордун катарында «Камбар-Ата -2» экинчи агрегатын февралда баштоо, Бишкек жылуулук борборунун биринчи мешин келерки жылдын ноябрь айында ишке киргизүү, айыл-чарба тармагын жандандыруу, республика боюнча миңден ашык күнөсканаларды куруп, моделдик орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу, Ысык-Көл, Баткен жана Чүй облустарына чоң логистикалык борборлорду ачуу пландары каралган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү