26
Июнь
Команда «Правительства Кыргызской Республики» готовится на кубок «Ынтымак» по мини-футболу
Аталган машыгуу 27-июнга белгиленген мини-футбол боюнча “Ынтымак” кубогунда “Өкмөт” курама командасынын мыкты даярдыкта чыгышы максатында өткөрүлдү.
Турнир уюштуруучусу катары «Де-факто» гезитинин редакциясы «AKAEV IDEA company» менен биргеликте чыгууда. Иш-чара максаты – Кыргызстанда сергек жашоо мүнөзүн жана футболду жайылтуу.
“Биз оюнга КР Өкмөтү, Жогорку Кеңеш, журналисттер, шоу-бизнес жана спорт тармагынын өкүлдөрү катышкан турнирди өткөргөнү жатабыз. Иш-чарага катышуучулардын бардыгы таанымал инсандар, алар жеке үлгүсү аркылуу сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга салым кошо алат”, - дейт турнирди уюштуруучулар.
Белгилесек, “Өкмөт” командасын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жетектейт.
Ошондой эле курама команда түзүмүнө: 1. Валерий Диль – КР вице-премьер-министри; 2. Абибилла Кудайбердиев – КР коргоо министри; 3. Эрлан Абдылдаев – КР тышкы иштер министри; 4. Советбек Арбаев – ЖАМК төрагасы; 5. Марат Калиев – КР саламаттык сактоо министринин орун басары; 6. Курсан Асанов – КР ички иштер министринин орун басары; 7. Канатбек Тургунбеков – КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамкызмат төрага орун басары; 8. Абдиманап Муратов – КР Өкмөттүк Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүм башчысы; 9. Кадырбек Кочкоров – КР Өкмөтүнө караштуу Дене-тарбия жана спорт мамагенттигинин директору. Турнир 27-июлда саат 17.30 Футболдук борбор аянтында өтөт. Турнирге жалпысынан 8 команда катышмакчы.
[gallery ids="37713,37714,37715,37716,37717,37718,37719"]КР Өкмөттүк Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү