18
Апрель
2014
Комиссия врачтар менен мугалимдердин сиңирген өзгөчө эмгектерин таанууда укугун чектеген сунушталган оңдоолорду кабыл алган жок
Бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия көлөмүн аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Комиссиясынын жыйыны өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия көлөмүн аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан токтом менен бекитилген Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн токтом долбоору талкууланды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алууга жарандардан келип түшкөн сунуштарды Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия жөнүндө жобого ылайык кароо маселеси күн тартибинде болду.
Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алууга критерийлерди караган токтом долбоору Жобого бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.
Анткен менен Эльвира Сариева белгилегендей, каржы эсептеринин жетишсиздигине байланыштуу токтом долбооруна cунушталган оңдоолор врачтар менен мугалимдердин сиңирген өзгөчө эмгектерин таанууда укугун чектейт.
“Персоналдык пенсияны “эмгек сиңирген” сыйлыгына ээ адамдар, көбүн эсе врачтар менен мугалимдер алат. Бул категорияны жободон алып салуу менен сиздер мугалимдер менен дарыгерлердин укугун чектеп жатасыздар. Бул кесиптин ээлери кыргызстандыктардын бир муунун тарбиялагандар, аны менен алар өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишкен”, – деди ал.
Талкуунун жыйынтыгында rомиссия мүчөлөрү сунуш, пикирлерди кайра карап чыгууну чечишти. Комиссия мүчөлөрү жаңы категорияларды киргизүүдө каржы булактарынын жетишсиздигине басым жасашты.
Жыйында Комиссия Кыргыз Республикасынын айрым жарандарына тиешелүү пайыздагы пенсия көлөмүн аныктады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү