16

Июль

2015

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы №497 токтому

Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Банктык эмес финансылык рынок жаатындагы лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана                                 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана он эки айга чейин колдонулат.

 Премьер-министр                                                     Т.А.Сариев