16

Июль

2015

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы №498 токтому

“Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 Премьер-министр                                                     Т.А.Сариев